Дүйнөлүк дарыгерлер Стамбулда

Эл аралык медициналык билим берүү конгресси башталды

393466
Дүйнөлүк дарыгерлер Стамбулда

Дүйнөлүк дарыгерлер Стамбулда чогулду.
Өз тармагында дүйнөнүн эң маанилүү конгресстеринин бири болгон «Эл аралык медициналык билим берүү конгресси» Стамбулда башталды.
Ачылышын болсо саламаттык сактоо министри Мехмет Мүеззиноглу менен премьер-министрдин жубайы доктур Саре Давутоглу ишке ашырды.
Мүеззиноглу ачылышта Түркиянын акыркы 13 жылда медицина тармагында жетишкен ийгиликтерине токтолуп, эми андан да көп нерсе жасалышы керектигин белгиледи.
Химия боюнча Нобель сыйлыгына ээ болгон түрк илимпоз Азиз Санжарды куттуктап өз сөзүн баштаган премьер-министр Ахмет Давутоглунун жубайы Саре Давутоглу да, медицинада билим берүүнүн маанисине көңүл бурду.
Быйылкы темасы «Кесиптик медициналык билим берүүдө келечектеги кыйынчылыктар» деп белгиленген конгресс Халич Конгресс борборунда 18-октябрга чейин уланат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар