Ялчын Топчу Антальяда Талеб Рифаи менен жолукту

Жыйындын алкагында глобалдык этика принциптери келишимине кол коюлду.

348001
Ялчын Топчу Антальяда Талеб Рифаи менен жолукту

Маданият жана туризм министри Ялчын Топчу Антальяда БУУнун Дүйнөлүк туризм уюмунун баш катчысы Талиб Рифаи менен жолукту.
Жыйындын алкагында 9 түрк туризм фирмасы БУУнун Дүйнөлүк туризм уюмунун глобалдык этика принциптери келишимине кол коюшту.
Дүйнөлүк туризм уюмунун баш катчысы, Чоң жыйырмалыктын жыйындарынын алкагында Антальяда өтө турган Т20 саммитинин жемиштүү өтөөрүнө ишенгендерин айтты.
Глобалдык этика принциптери, туризмдин өнүктүрүлүүсү, адам укуктары, экология жана медицина сыяктуу темаларда эл аралык мыйзамдарга шайкеш келүүгө байланыштуу бир канча эрежелерден турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар