«Блокада» кино тасмасына сыйлык...

«Блокада», Венеция кино фестивалында калыстар тобунун атайын сыйлыгына ылайык көрүлдү.

386883
«Блокада» кино тасмасына сыйлык...

Түрк режиссеру Эмин Алпердин экинчи толук метраждуу кино тасмасы «Блокада», дүйнөнүн эң түптүү кино фестивалы болгон Венеция кино фестивалында сыйлыкка татыктуу көрүлдү.
«Блокада», кино фестивалда калыстар тобунун атайын сыйлыгына ылайык көрүлдү.
«Блокада» кино тасмасында тыгыз саясий күч колдонуу атмосферасында аман калууга аракет кылган эки бир туугандын аңгемеси түшүндүрүлөт.
Эске сала кетсек Венецияда өткөн жылы калыстардын атайын сыйлыгын Каан Мүждежинин «Сивас» аттуу кино тамсасы алган.
Ушундайча дүйнөнүн эң түптүү кино фестивалында түрк режиссерлордун кинолору удаама-удаа Калыстар тобунун айтайын сыйлыгын алып, башкача бир ийгиликке жетишкен болду.
Буга кошумча «Блокада» кино тасмасы, фестиваль убагында ар башка өлкөлөрдүн 18-26 жаш курагындагы жаштары добуш берген «Арка Синема Жиованни» сыйлыгына да ылайык көрүлдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар