Дүйнөнүн эң чоң парустуу яхтасы Бодрумда

15 парусу бар көлөмдүү яхтанын ээси грециялык ишмер айым Елена Амбросиадоу.

382370
Дүйнөнүн эң чоң парустуу яхтасы Бодрумда

2006-жылы Түркияда чыгарылып, дуйнөнүн эң ири жана заманбап парусуна айланган The Maltese Falson» аттуу яхта Бодрумга токтоду.
15 парусу бар көлөмдүү яхтанын ээси грециялык ишмер айым Елена Амбросиадоу.
Туурасы 12,6 метр, ал эми узундугу 88 метрге жеткен парус, эс алуучулардын көңүл чордонуна айланды.
Дүйнөдө биринчи жолу көмүртек буласынан тирөөч коюлган парустун аянты бир футбол талаасынын аянтына барабар.
Бул ири яхта 30 милге чейинки ылдамдыкта жүрө алат.
Электрондук турдө сенсордук ыкма менен башкарылат жана яхтага коюлган жарыктар караңгыда абдан кооз көрүнөт.
Бул яхта Амазон интернет сайты жана HP сыяктуу фирмалардын акционери АКШлык ишкер Том Перкинс үчүн Стамбулдун Тузла аймагында үч жылда курулуп бүткөн.
2006-жылдын 1-июлунда алгачкы жолу деңизге чыгарылган.
2009-жылы Амбросиадоу аталган яхтаны Перкинстен 60 миллион стерлингге сатып алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар