ТРТ FM үч материктен обого чыкты

ТРТнын акыркы убактарда телеберүүдө чоң секирик жасаганы белгиленип, ушундай эле секириктин радиодо да башталганы билдирилди.

320700
ТРТ FM үч материктен обого чыкты

Түрк радиочулары ТРТнын «Дүйнөнүн Эн радио программаларында» Америка, Австралия жана Азиядан түз жана бир убакта обого чыкты.
Эрхан Конук Бангладештин борбор калаасы Даккада, Бай Ж жана Эркан Яваш АКШнын Нью-Йорк шаарында жана Музо да Австралиянын чоң калаасы Мельбурнда микрофон алып 3 материктен биргелеше түз обону аткарышты.
ТРТнын башкаруу кеңешинин төрага орун басары Режеп Шахин, ТРТнын акыркы убактарда телеберүүдө абдан чоң секирик жасаганын белгилеп, ушундай эле секириктин радиодо да башталганын билдирди.
Шахин радиону эл аралык деңгээлге чыгарыш үчүн ушул долбоорду аткаргандарын маалымдады.
ТРТнын нукура долбоорлорунан «Дүйнөнүн Эн радио программасы» бейшемби күндөрү саат 19:00дан 21:00ге чейин үч борбордон түз обого жана бир убакта ТРТ-FMде чыгат.
7-январда «Дүйнөнүн Эн радио программасы» менен Анкара-Стамбул-Измир шаарларындагы ТРТ-FM студияларынан обого чыгып жаткан сыяктуу угармандарга жеткен ТРТ радиочулары, андан кийин Азербайжандын Баку, Босния-Герцеговинанын Сараево жана Германиянын Берлин шаарларынан бир убакта ишке ашырган кыскача аталышы «3В» болгон түз обосу аркылуу дүйнө рекордуна жетишти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар