Жаш бойдон калуунун сыры

Деңиз жылдызынын картайбастан кылымдар бою жашай алганы белгиленди.

315948
Жаш бойдон калуунун сыры

Түбөлүк жаш бойдон калуунун сыры деңиз жылдыздарында сакталган.
Илимпоздор бөлүнүү ыкмасы менен көбөйгөн деңиз жылдыздарынын ДНКсынын картаюуну кечеңдете турган эмгектерге нур чача турганын белгилешти.
Деңиз жылдызынын картайбастан кылымдар бою жашай алганы белгиленди.
Швециядагы Гетеборг университетинин илимпоздору жыныстуу жана жыныссыз өсө алган деңиз жылдызы түрлөрүнүн генетикалык түзүлүштөрүн иликтешти.
Жыныссыз бөлүнүү ыкмасы менен көбөйгөн деңиз жылдыздарынын атайын бир ДНКсы бар экени аныкталды.
Адамдар улгайган сайын хромосоманын учтарындагы «теломер» деп аталган ДНК тизмектеринин кыскарганы, ДНКнын зыянга учураганы, мунун болсо ооруларга жана эрте өлүмгө алып барганын белгилеген илимпоздор, бөлүнүү ыкмасы менен көбөйгөн деңиз жылдыздарында болсо абалдын абдан башкача болгонуна көңүл бурду.
Изилдөөнү жасагандардан Хелен Нильссон Сколд, клетка бөлүнгөн сайын теломерлердин бою кыскарганын жана адамдардын картайганын сөз кылып, деңиз жылдыздарынын теломерлерди клондой алганын жана ушундайча картаюуларынын кылымдарды алганын белгилешти.
Изилдөөнүн жыйынтыктары «Genetics Society» журналында жарыяланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар