Түркияда шайлоодон кийинки мезгил кандай болот?

Шайланган эл өкүлдөрү алгач мандаттарын алышат, андан соң катталуу үчүн Парламентке барышат.

295220
Түркияда шайлоодон кийинки мезгил кандай болот?

Шайлоолор аяктагандан кийин календар кандай болот?
Жаңы мезгилде кызмат өтөй турган парламентти белгилөө үчүн өткөрүлгөн шайлоолордун аякташынан кийин Жогорку Шайлоо Кеңешинин чечими күтүлөт.
Кеңеш бир жуманын ичинде 25-сессиянын эл өкүлдөрүн шайлоого байланыштуу так эмес расмий жыйынтыктарды жарыялайт.
Шайланган эл өкүлдөрү алгач мандаттарын алышат, андан соң катталуу үчүн Парламентке барышат. 7-апрелде эс алуусун баштаган Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Жалпы кеңеши да так шайлоо жыйынтыктарынын Жогорку Шайлоо Кеңеши тарабынан жарыяланышынан кийинки 5-күндө чогулат.
Жаңы мыйзамдык мезгилдин биринчи чогулуусунун биринчи отурумун болсо эң улгайган эл өкүлү башкарат.Парламентте эң оболу ант берүү аземи өткөрүлөт.Эл өкүлдөрү ант бергенден кийин Парламенттин жаңы төрагасын шайлоо үчүн иштей башташат.Төрагалыкка талапкерлер мүчөлөрдүн арасынан Парламенттин алгачкы чогулган күнүнөн тартып 5 күндүн ичинде Башчылык кеңешине билдирилет.Төрага шайлоо талапкер көрсөтүлүп бүткөндөн кийин 5 күндүн ичинде аяктайт.
Президент ант берүү аземинен кийин, эң көп добушка ээ болгон партиянын жетекчисин же бир эл өкүлүн 45 күндүн ичинде өкмөттү түзүү үчүн милдеттендирет.
Өкмөт куралгандан кийин Министрлер кеңешинин программасы, түзүлгөн күндөн тартып эң кеч бир жуманын ичинде өкмөт башчы же бир министр тарабынан Түркия Улуу Улуттук Парламентинде окулат.
Министрлер кеңешинин программасынын Жалпы кеңеште окулушунан кийин толук эки күн өткөн соң, программа боюнча пикирлер айтылат.Пикирлер айтылып бүткөн соң толук бир күн өткөн соң ишеним добушуна кайрылат. Ишеним добушу алынгандан кийин 63-Өкмөт кызматын баштаган болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар