ТРТнын журналисттерге арналган сынагы аяктады

ТРТнын сынагына катышкан студенттер сыйлыктарын вице-премьер Ялчын Акдоган жана ТРТнын башкы директору Шенол Гөкадан алышты.

294956
ТРТнын журналисттерге арналган сынагы аяктады

ТРТнын билим берүү департаменти тарабынан уюштурулган «ТРТ-Келечектин журналисттери» сынагынын алгачкысы өттү.
Борбор калаа Анкарада уюштурулган гала кечесинде студенттер сыйлыктарын вице-премьер Ялчын Акдоган жана ТРТнын башкы директору Шенол Гөкадан алышты.
Ялчын Акдоган фестиваль сыяктуу өткөн сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө ТРТнын жол баштоочу мекеме жана бир мектеп экенине көңүл бурду.
Сынакка катышкан коммуникация факультетинин студенттери кабар жана берүү тармагында 4 номинация боюнча жарышышты.
60 университеттен 700 чыгарма жөнөтүлгөн сынакта 13 университет сыйлыкка ылайык көрүлдү.
Сыйлык алган студенттерге ТРТда билим алуу жана тажрыйба алуу менен катар акчалай сыйлык да тапшырылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар