Евровидение ыр сынагын Швеция жеңди

Швеция ушундайча ыр сынагын 6-ирет жеңген болду.

286548
Евровидение ыр сынагын Швеция жеңди


Австриянын борбору Венада өткөрүлгөн «Евровидение-2015» ыр сынагын "Heroes" аттуу ыры менен швециялык ырчы Менс Земерлов утуп алды.
27 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан сынакта 365 балл топтоп биринчиликти алган 28 жаштагы Земерловдон кийин 303 балл топтогон Орусиянын өкүлү Полина Гагарина экинчиликти жана 292 балл менен италиялык "II Volo" тобу үчүнчүлүктү ээледи.
Швеция ушундайча ыр сынагын 6-ирет жеңген болду.
Сынакта Азербайжандын өкүлү Элнур Хүсейнов да «Hour of the Wolf» (Карышкырдын сааты) аттуу ыры менен 49 балл топтоп 12-орунду ээледи.
2003-жылы Сертаб Эренердин «Everyway That I Can" аттуу ыры менен биринчиликти алган Түркия баа берүү системасына каршылык көрсөткөндүгү үчүн 2012-жылдан бери ыр сынагына катышпай эле.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар