Картайгандар баш кошобу?...
Жорж Доринге сүйүшкөндөр күнүндө баш кошуу сунушун кылган.
260569
103 жаштагы Жорж Кирби жана 91 жаштагы Дорин Лаки дүйнөнүн эң улгайган келин жана күйөө баласы катары 13-июнда баш кошушат.
Англиянын Daily Mail гезитинин кабарына ылайык 1988-жылы улгайган адамдарды жолугуштурган иш-чарада таанышкан жуп, 27 жылдык сүйлөшүүдөн кийин баш кошуу чечимин чыгарышты.
Күйөө бала Жорж, Доринге сүйүшкөндөр күнүндө баш кошуу сунушун кылган.
«Эмне үчүн мынчалык кеч үйлөнүү чечимин чыгаргандары» суралганда Жорж: «Мен жашымдын өткөнүн байкабай калыптырмын, үйлөнүү убагы эми келди. Дорен мени жашартып жатат»-деп жооп берди.
Өздөрүн жаш сезишкен жубайлар, «биз рекордго жетишүү үчүн баш кошкон жерибиз жок. Бири-бирибизди сүйгөнүбүз үчүн жана туура чечим болгону үчүн баш кошууну каалайбыз» дешти.