Түрк балет бийчилеринин ийгилиги

Түрк балет бийчилери АКШда чоң ийгиликке жетишишти.

230980
Түрк балет бийчилеринин ийгилиги


АКШда өткөрүлгөн Гран-при классикалык балет конкурсуна Стамбул университетинин мамлекеттик консерваториясынан катышкан үч түрк окуучу биринчилик жана экинчилик менен катар даражалуу орунду ээлешти.
Конкурста Стамбул университети, Мамлекеттик консерватория окуучуларынан 16 жаштагы Эким Дениз Акарслан классикалык балетте биринчи, 16 жаштагы Йылмаз Беркай Гүнай заманбап бийде экинчи болсо, 17 жаштагы Николас Нолте даражалуу орунду ээледи.
Эким Дениз Акарслан менен Йылмаз Гүнай учурда 10-15-апрель күндөрүнүн арасында Нью-Йоркто өтө турган финалга даярданууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар