«Кандуу Ай»

Өткөн жумада жер жүзүндөгүлөр Айдын толук тутулушуна күбө болушту.

229605
«Кандуу Ай»

Кылымдын эң кыска убакытка созулган Айдын тутулушу...
Өткөн жумада жер жүзүндөгүлөр жаңы табигый кубулушка күбө болду.
Ай өз огунда айланып жатып дагы бир жолу Жердин көлөкөсүнө кирди жана Ай тутулду.
Айдын тутулушу Түндүк Американын батыш жана Азиянын чыгыш аймактарында, Япония, Австралия жана Жаңы Зеландияда жакындан байкалды.
Айдын толук тутулушу 5 мүнөткө созулду.
Жер планетасынын көлөкөсүнө кирген Айдын өңү чагылган нурдан улам кызылга айланды.
«Кандуу Ай» деп да аталган Айдын тутулушу өзгөчө астрологдордун кызыгуусун тартууда.
Айдын мындан кийинки тутулушу 28-сентябрда болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар