Султан Алпарсландын көрүстөнү үчүн маанилүү табылгалар

Султан Алпарсландын күмбөзүн табуу үчүн казуу иштери май айында башталган.

227537
Султан Алпарсландын көрүстөнү үчүн маанилүү табылгалар


ТИКАнын Түркмөнстандын Мары шаарында Улуу Селжук мамлекетинин султаны Алпарсландын күмбөзүн жарыкка чыгаруу үчүн баштаткан казуу иштеринде маанилүү табылгалар чыгарылды.
Казуу иштеринин теңтөрагаларынан Селчук университетинин адабият факультетинин мугалими проф. др. Осман Эравшар селжуктуктарга таандык экенин ойлошкон фарфор идиштер жана архитектуралык түзүлүштөрдү тапкандарын, булардын арасында да сынып калган таш жазманын бөлүктөрү бар экенин белгиледи.
Эравшар: «Таш жазманын башка бөлүктөрүн тапсак эң жок дегенде бул түзүлүштүн архитектуралык өздүгү жана күмбөздүн орду да такталат»,- деди.
Казуу иштерин аянттагы топографиялык өзгөчөлүктөр менен табылгаларды эске алып май айында баштагандарын айткан Эравшар күмбөздү туура жерде издеп жаткандарына ишенгендерин да сөз кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар