Стамбулда килемдердин көргөзмөсү өтүп жатат

Көргөзмө 1-майга чейин созулат.

264407
Стамбулда килемдердин көргөзмөсү өтүп жатат

Осмондуктарга таандык 41 килемдин оригиналы Стамбулда...
Будапештеги көркөм өнөрлөр музейи менен Стамбулдун түрк жана ислам чыгармалары музейинин коллекцияларынан 15чи жана 17-кылымдарга таандык Осмон килемдери Стамбулда көргөзмөгө коюла баштады.
Стамбулдагы Түрк жана ислам чыгармалары музейинин убактылуу көргөзмө залында кечээ болгон ачылыш аземине Венгриянын президенти Янос Адер да катышты.
Европалык сүрөтчүлөрдүн картиналарына тема болгон тарыхый килемдерди көргүсү келгендер 1-майга чейин көргөзмөнү кыдыра алышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар