ТРТ 4К берүүлөрүн баштайт

ТРТ, Европада бул сапатка ээ болгон жалгыз телеканал болуп саналат.

223749
ТРТ 4К берүүлөрүн баштайт

ТРТ НD берүүлөрү 19-февраль бүгүндөн баштап эми ультра НD б.а. 4К сапатында эфирге чыгат.
ТРТ, Европада бул сапатка ээ болгон жалгыз телеканал болуп саналат.
НD сапатынан 8 эсе жогору болгон көрүнүшкө эгедер 4К берүүлөрү дүйнөдө 3 гана өлкөдө ишке ашырылган.
Вице-премьер Ялчын Акдоган бул жаңылыкты, «Бул тарыхый учур»-деп мактады.
Акдоган: «Бир топ телеканал НD берүүлөрүнө даярданып жатканда ТРТ дагы бир жол баштоочу жаңылыкты жасап 4К берүүлөрүн баштоодо. Бул тарыхый учур. ТРТ бир топ темада жол башчылык кылды. Бул жолу да жол башчылык кылган ТРТны мактаймын»-деди.
Спутник аркылуу берилүүчү ТРТ , ТРТ НDнин ордун ээлейт.
Эфирди көрүү үчүн 4К чечмелегичи бар телевизор жана 4К берүүлөрүнө ылайыктуу спутник кабылдагычы болуш керек.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар