Tanini Trio Лондондо сахнага чыкты

Tanini Trio музыкалык группасы Лондондо концерт берди

224085
Tanini Trio Лондондо сахнага чыкты

Түрк инстурменталдык Tanini Trio музыкалык группасы Англиянын борбор шаары Лондондо концерт берди.
Концертте Месут Жемилден Астор Пьяццоллага, Чайковскийден Танбури Жемил Бейге чейин тандамал чыгармаларга орун берген группа түрк жана батыштык чыгармалардын синтезин көрсөттү. Өздөрүнө таандык чыгармачылык менен King's Place концерт залын толтурган жүздөгөн музыка сүйүүчүлөрдүн купулуна толгон Tanini Trio мүчөлөрү Тахир Айдогду, Билгин Жаназ жана Хакан А. Токер үчүн кол чабылду.
Юнус Эмре институту Түркиянын Лондон элчилиги менен маданият жана туризм кеңешичилиги тарабынан уюштурулган концертте Лондондун финансы, санат, академия чөйрөлөрүнөн өкүлдөр менен түрк жана чет элдик музыка сүйүүчүлөр катышты. Группа эртең да Улуу Британиядагы экинчи аялдамасы Глазгодо сахнага чыгат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар