Түрк доктуру мурунду жаңы ыкма менен оңдойт

Эрен Таштан оорукчандын өз клеткасынан кемирчек кесип алып аны өстүрөт.

197658
Түрк доктуру мурунду жаңы ыкма менен оңдойт

Түрк доктуру ийгиликсиз өткөн мурун операцияларынын жыйынтыгында келип чыккан мурундун кирип кетиши, ийрейиши сыяктуу маселелерге «верев кесме» б.а. кемирчек кесүү ыкмасы менен чечим таап дүйнөлүк адабиятка кирди.
Кулак,мурун,тамак адиси дц.др.Эрен Таштан көбүнчө эстетикалык мурун операцияларында жаңылыш ыкмалардын себебинен мурун сөөгүнөн ашыкча кемирчек алынган оорукчандардын бир топ убакыттан кийин муруну кирип кетүү же шалбыроо маселелелерине туш болгондорун белгиледи.
Бул кишилер өз көрүнүштөрүнөн тынчсыздануу менен бирге дем алуу проблемасына дуушар болгонун түшүндүргөн Таштан, маселени чечүү үчүн экинчи жолу операцияга муктаж болгондорун айтты.
Эрен Таштан бул оорукчандарды мурдагы абалына келтирүү үчүн кемирчекке муктаждык болгонун, эң ыңгайлуусу да оорукчандын өз денесинен алынган клетка экендигин билдирди.
Эмгектенүүлөрүнүн негизинде «верев кесме» ыкмасын ойлоп тапканын түшүндүргөн Таштан, бул ыкманын мурундун табигый түзүлүшүнө ылайык түрдө кемирчек даярдоого мүмкүнчүлүк түзгөнүн айтты.
Оорукчандын денесинен кабырга сөөгүнүн клеткаларына зыян тийгизбестен 2 см кемирчек кесилип алынганын айткан Таштан, кесилген кабырга кемирчеги кайра өскөнүн билдирди.
Бул ыкманы 250дөн ашуун оорукчанда ишке ашыргандарын жана кишилерде кандайдыр бир кыйынчылыкка дуушар болбогондорун түшүндүргөн Таштан, бул ыкманын эл аралык Jama жүз жана пластикалык хирургия журналында жарыяланганын белгиледи.
Эрен Таштан бул ыкманын бир топ өлкөдө ишке ашырылып, эл аралык жыйналыштарда түшүндүрүлө баштаганын кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар