2015-жылда бериле турган программалар

2015-жылы Түркия үнү радиосунун эфиринде жана веб барагыбызда бериле турган программалар.

167312
2015-жылда бериле турган программалар


Урматтуу окурмандар, жыл тогошооруна саналуу гана сааттар калды. Эң оболу баарыңыздарга Анкарадан салам жолдоп, босогодо турган жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз!
Алдыда кызыктуу, пайдалуу программаларыбызды сиздер менен тең бөлүшөбүз.
Жарым сааттык радиоуктурууда Түрк дүйнөсү үчүн актуалдуу болгон маселелерден тартып, дүйнөдөгү тарыхый жана маданий темаларга кайрылабыз. Ошондой эле Кыргызстандагы, Түркиядагы, дүйнөдөгү жаңылыктардан кабардар кылып, түрк жана дүйнөлүк басма сөздөгү жарыяланып жаткан макалаларды да барактайбыз.
Ар дүйшөмбү сайын жаңылыктар жана басма сөздөн маалымат берген соң «Евразияга сереп салуу» аттуу программабыздан Түркиянын жана аймактын күн тартибиндеги саясий окуяларын талдайбыз. Ошондой эле ар ай сайын алмашуучу «Айдын суроосу» аттуу рубрикабыз 2015-жылы да ободо жаңырып турат. Туура жооп жазгандар адаттагыдай эле Түркия үнү радиосунун белектерине ээ болот. Рубриканы убактыбыздын жетишинче күнүгө берүүгө аракет кылабыз.
Жаңылыктар жана гезит беттериндеги макалаларга ортоктош болгон соң «Билим жолунда» аттуу программабыздан университтер туурасында маалымат ала аласыздар. Шейшемби күнү бериле турган бул уктуруу Түркияда окугусу келген чет өлкөлүк жаштарга арналат.
Ар шаршембиде жаңылыктарды жана түрк басма сөзүн тааныткандан кийин, дүйнөлүк басма сөздөгү Түркия тууралуу орун алган макалаларга кайрылабыз.
Ал эми «Түркиядагы кыргызстандыктар» аттуу программабыз ар экинчи бейшембиде, тагыраак айтканда бир айда эки ирет обого чыгат. Бул уктуруу Түркияда жашаган, окуп, иштеп жүргөн мекендештерибиз менен маектешүү аркылуу сиздерге жеткирилет. Ошондой эле жарым саатыбызды он беш күндө бир даярдалуучу «Китеп баяны» аттуу жаңы программабыз да толуктамай болду. Анда Түркия тууралуу жазылган кызыктуу китептерге басым жасалат.
Жума күндөрү обого чыгуучу «Түркия жана дүйнө күн тартиби» аттуу программабыз аалам алкагындагы саясий абалды талдап, орчундуу окуянын Түркия менен болгон байланышына саресеп салат.
Ар ишемби сайын жаңылыктар жана басма сөздөн маалымат алган соң «Улуу түрк инсандары» аттуу программабыздан тарыхта опол-тоодой орду бар залкарлар тууралуу айтып беребиз. Анда жалгыз Түркияга таандык инсандар гана эмес, бүтүндөй түрк тилдүү элдердин даанышман, баатыр уулдары тууралуу сөз болот.
Жекшемби күнү алгач адаттагыдай эле жаңылыктар жана басма сөздөгү жарык көргөн макалалар менен таанышкан соң, «түркчө үйрөнөбүз» аттуу уктуруубузга ортоктош болосуздар. Эгерде түрк тилин үйрөнүүгө дилгир болсоңуздар, жекшемби күн сиздер үчүн пайдалуу.
Жогоруда айтылган программалар жана жаңылыктар обого чыккандан кийин сиз окуп жаткан веб барагыбызга жайгаштырабыз.
Кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Мекенибизде тынчтык өкүм сүрүп, жаңы жылда жагымдуу жаңылыктарды бөлүшөлү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар