ТРТнын "Филинта" жана "Дирилиш" сериялдары

Сериялдарды тарткан топтор гала жолугушту

156973
ТРТнын "Филинта" жана "Дирилиш" сериялдары

Осмондук адилеттик сиситемасын баяндаган ТРТ – 1дин жаңы мезгилдеги сериялы «Филинта» бүгүн башталат. «Филинта» жана осмондуктун курулушун баяндаган «Дирилиш» үчүн Стамбулда гала кечеси өткөрүлдү. ТРТнын эки сериялы «Дирилиш» жана «Филинтаны» тарткан группа ТРТнын Тепебашы студияларында өткөрүлгөн атайын гала кечесинде жолугушту. Осмон империясынын курулушунан мурункусун баяндаган «Дирилиш» эки жума мурда көрсөтүлө баштап абдан чоң кызыгуу көрдү. 19 - кылымдын Осмон мамлекетинде өткөн жана мезгилдин укугуна сый көрсөткөн «Филинта» болсо биринчи атайын көрсөтүүсүнө чыкты.
Гала эки сериялдын продюссери, режиссеру жана оюнчулары менен бирге ТРТ башкаруучулары жана санат дүйнөсүнүн алдыңкы ысымдарын жолугуштурду.
Эки сценарийдин абдан жакшы экенин баса белгилеген ТРТнын генералдык директору Шенол Гөка : «Сериялга ал мезгилдерди эстөөдө жана тартуу техникалары менен оюнчулардын чеберчилиги жана ийгиликтери менен баа берүү керек Филинтаны 10 минута көргөндөн кийин өзүнө ишенген сериял деген ой пайда болду»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар