Түрк киносу Москвада таанытылууда

«Түркия киносу дүйнөлүк академиялык жолугушуулары» 23- ноябрда аяктайт

201700
Түрк киносу Москвада таанытылууда

Түркия киносунун дүйнөлүк академиялык жолугушуусу Орусиянын борбор шаары Москвада башталды. Иш чаранын биринчи күнүндө режиссер Кутлуг Атамандын «Кузу» аттуу киносунун Орусиядагы бет ачары болду. Режиссер Атаман бет ачардан кийин «Түркия киносуна ар башка көз караштар» деген паннелде көрүүчүлөр менен жолугушту. Академиялык жолугушуулар үчүн тандалган «Бир убактар Анадолуда» аттуу кинонун продюссери Зейнеп Атакан Өзбатурдун «Патрон бактылуу бүтүшүн каалайт» аттуу киносунун актрисасы Эзги Мола да катышкан паннелдин модераторлугун продюссер Элиф Дагдевирен аткарды. Маданият жана туризм министрлиги тарабынан колдоого алынган, Стамбул университетинин коммуникация факультети жана Орусиянын кинематографтар институтунун кызматташтыгы менен өткөрүлгөн иш чарага орус студенттер абдан чоң кызыгуу көрсөтүштү. «Түркия киносу дүйнөлүк академиялык жолугушуулары» 23- ноябрда аяктайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар