Европа олимпиадалык оюндарына даярдыктар уланууда

2015-жылы өтүүчү Европа олимпиадалык оюндары боюнча Стамбулда таанытуу аземи өткөрүлдү.

195388
Европа олимпиадалык оюндарына даярдыктар уланууда


Азербайжандын борбор шаары Бакуда боло турган чоң спорттук иш-чараны таанытуу аземине Түркиянын жаштар жана спорт министри Чагатай Кылыч жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жубайы Михрибан Алиева да катышты.
Спортчулар, саясатчылар жана ишкерлер катышкан жыйынга Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы туугандык мамилелер баса белгиленди.
Түркия менен Азербайжан ар дайым бири-бирине колдоо көрсөткөндөрүн баса белгилеген Михрибан Алиева: «Дүйнөдө эң жакын жана боордош эки өлкө Азербайжан менен Түркия»,- деди.
Министр Чагатай Кылыч да Европа олимпиадалык оюндарынын биринчи жолу Бакуда өтө турган болушунан улам абдан толкунданып жаткандарын айтты.
Жалпы 18 аянтта боло турган Европа оюндарынын ачылышы Бакудагы Олимпиада стадионунда өткөрүлөт.
12-28-июнь күндөрүндө өтө турган бул чоң иш-чарада 49 өлкөдөн 6 миңден ашуун спортчу таймашат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар