Дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү Түркияга келишти

Сынактын жеңүүчүлөрү 2 күн Анкарада, 3 күн Стамбулда конок болушат.

187695
Дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү Түркияга келишти

ТРТ эл аралык деңгээлде «Стамбул эки материкти бириктирип турган шаар» аттуу дилбаян сынагын өткөрдү.
Сынактын алкагында жеңүүчүлөр ТРТнын башкы директору Шенол Гөка тарабынан Түркияга чакырылды.
«Стамбул эки материкти бириктирип турган шаар» аттуу дилбаян сынагы ТРТнын чет өлкөгө берүүлөр департаменти менен Туризм министрлиги тарабынан уюштурулду.
Конокторду кызмат орунунда тосуп алган Шенол Гөка жеңүүчүлөрдү куттуктап ыраазычылыгын билдирди.
Түркияны таанытууну максаттаган сынактын жеңүүчүлөрү 2 күн Анкарада, 3 күн Стамбулда конок болушат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар