Сайранын жүрөгүнөн оргуштап чыккан ырлар

Сайра Батыркулова өзүнүн поэзиясын бөлүшөт.

148034
Сайранын жүрөгүнөн оргуштап чыккан ырлар


Өмүр баян


Аты жону –Сайра Батыркулова Бабановна
Туулган жылы -05.04.1980
Билими- (жогорку) «Б.Бейшеналиева» атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институту1996-2001 ж.ж
Кызматы-2001-ж Чуй облустук куудулдар театры.
2004-ж «21-кылым радиосу » КТРК.
2011-ж «Биринчи радио» КТРК.
Ийгилиги-2003-ж «Б.Кыдыкеева» атындагы сыйлыктын лауреаты
2013-ж КТРК нын отличниги
2012-ж. «Суйуу көктөмү» ырлар жыйнагынын автору.
2012-ж “Жылдын мыкты алып баруучусу” (КТРК)
2012-ж “Кыргыз жаштар поэзия антологиясы” жана “Селкилердин селкинчек” ыр жыйнактарына ырлары кирген.
2013-ж. «Коргоол» китебинин түзүүчүсү .
2013-ж КР Өкмөтүнүн “Элет жериндеги аялдардын ишмердүүлүгүн мыкты чагылдырган журналисттер” арасындагы республикалык сынактын женүүчүсу.
Уй –бүлөлүк абалы: Уй-бүлөлүү,бир уул,бир кыздын энеси.

 

 

 

Айылыма

Сагынычым куса менен түптөлүп,
Санааларды журөгүмо жүктөнүп.
Сапар аладым тулуп өскөн айылыма ,
Саратанда жумушумду бүткөрүп.

Кичи мекен тосуп канча көктөмүн,
Кучагында бактылуу кун өткөрдүм .
Булуттарга кошуп берип бугумду ,
Барбай журуп далай кунду откордум.

Күйпөлөктөп азык камдап карынга,
Кун откоруп көпчүлүктүн шарында .
Кыйроо таптты кыялдардын далайы ,
Кыялданчуу алма өрүктүү багында .

Каалоо менен какса дагы журөктөр,
Кишени жок байлангандай билектер.
Кемирилип чекесинен кертилип,
Калды канча аткарылбай тилектер.

Чындыгында жол бербестир танууга,
Чыгынбадым башатыңа барууга.
Көтөрунуп жолго чыктым а бугун,
Кайрат алып келуу учун карууга.

                                                                                                    Апама
                                                                                   Туу кармаган туруулуктун желегин,
Таазим кылам кайратына энемдин.
Туулган куну алтымышка баратат,
Тартуу болсун ырдан кылган белегим .

 

Кандайынан болсо дагы жагдайым ,
Кайсыл убак , айылга үйгө барбайын.
Апам менен аалам жарык сезилип ,
Берекеси толот үйдүн ардайым.

 

                                                                                   Кокус эле көрүнбөсө карааны,
                                                                                   Көз ирмемде булут басып санааны.
                                                                                   Босогодон аттай албай жүрөксүйм,
                                                                                   Көрүнгөнчө убай тарткан жамалы.

                                                                                   Саам өтпөй санааларга чөмүлөт,
                                                                                   Оорудубу ?- оюм онго бөлүнөт.
                                                                                   Ак танымдай анан көңүл жайгарып,
                                                                                   Калдастаган тааныш караан көрүнөт.

                                                                                   Кагылайын карааныңдан берекем,
                                                                                   Сенсиз дүйнө бир сабынан кем экен .
                                                                                   Уул кыздын урматына бөлөнүп,
                                                                                   Узак жаша убай тартпай энекем.

                                                                                   Өмүр өтөт, мезгил аны табалап,
                                                                                   Саамай чачын буурул тартып баратат.
                                                                                   Тирүүлүгүң Тоодой кубат биз учун ,
                                                                                   Төрүбүздө журсөң экен саламат.

                                                                                   Жаратканым жалгыз тилек сурайын,
                                                                                   Алтын апам айланайын , умайым .
                                                                                   Көп жашасын майрамына мен дагы ,
                                                                                   Жазган ырым кучак кылып сунайын.

Балалык

Сыдырылып салаасынан мезгилдин,
Сергек кыял балалыкты жоготтум.
Саамайымда гул бантигим алмашып,
Сыйкырына арбалбаймын жомоктун ,

Кадырынды тушуно элек кезимде ,
Көр окаттын туйшугунө алмаштың.
Кур шарында куйпөлөктөп өмурдун,
Күлүк кыял кундөрумдөн адаштым .

Тундугунон тунук кулку угулчуу,
Ээн калды эски журтта корогонун .
Белес ашып багытынды өзгөртуң,
Басыгындай жел жетпеген жоргонун.

Калтаарыдым чоң дайранын жээгинде,
Кыяны аштын карабадын бурулуп.
Көр турмуштун агымында баратам,
Кээде сузуп кээде жарга урунуп.

Бакыт экен балалыктын кундөру,
Кыялына шаар куруп байыган.
Булуту жок асманынды сагынып ,
Бул кундөрдун бороонуна кайыгам.


Көр турмуш

Жок дуйнөгө кайгырып багынбаган,
Баштагыдай журөк жок жалындаган.
Каза болду канча ыр чолок бойдон,
Ак барака тизилип жазылбаган.

Булагымды башаты жылгадагы,
Нугун буруп коп туйшук бурмалады.
Ташыркатып таштак жол тамтамдатса,
Турмуш бороон этек жең жулмалады.


Күүгүм кирип көөдөнгө таалайыма,
Чылбыр илип чалкыган маанайыма .
Кысып турса турмуштун мыйзамдары,
Чек коюлат турбайбы каалаймына.

Көлөкөсун тийгизип кырга дагы,
Көр турмуш кылат экен кылбаганды.
Уланууга ыр жазмак турсун азыр,
Унтуп барам ал тургай ырдаганды.

 


Балалык
Кундөр өтуп жаткан кезде саналып,
Кун нурунун мээриминен жаралып.
Бакыт менен ырыскыны ээрчитип,
Биз жашаган уйгө келди балалык .

Мен көргөндөн дагы кыйла жашарып ,
Майрамына барткандай жасанып .
Мезгилдердин арасынан суурулуп ,
Мен жашаган уйгө келди балалык .

Эшик ачтым коногума ынадым,
Эстен кетпес эски досум ынагым.
Эрке кызым ,уурутунан нур төгуп,
Тунук кулку , шанга толду турагым.

Жок болсо да бугун бантик чачымда,
Жолун куткөм, кылып алып камылга .
Жакшы кундун жарчысындай балалык,
Өзумдө эмес болсо дагы жанымда .

Бой жеткени ,өкут кылгам азына,
Бугун болсо босогомдо , кашымда .
Кур келбептир куржун ачып балалык,
Төргө төкту кумуш кулку чачыла .

Кадырлуусун төр сеники коногум ,
Кубанычка балдарымды ородун.
Кезек алып а мен болсо апамдан,
Балдарыма айтып берем жомогун.


**** ************** ********
********* *********


Желге шерик умуттөр кыйрадыбы,
Көөдөнунө көп арман сыйбады.
Ак кебездей булуттар таарынычтан,
Бугун төгуп мага окшоп ыйладыбы.

Жакшынын жок дегенде кеби дары,
Кыйбасынбы таарынткан сени дагы.
Башкага мынча капа болбос элем,
Кыйбас киши таарынты мени дагы .


Тамчылары тазалап жалбыракты,
Булуттар тынбай төгуп куюп жатты.
Жашынбай мен да кошо көл шал болдум,
Жашымды жамгыр гана туюп жатты.


********** *************

Курбуга 
Билбейм кандай куч багынтып арбаган ,
Бушайманмын намыс кылып арданам.
Буруу тилди бир кыз барат бучкактап ,
Бар дуйносун төгүп чачып арнаган.

Таазим кылып байлыгына топтогон,
Тили буруу түркөй жигит коштогон .
Татынакай бир кыз барат кыналып ,
Тандоон курсун тайыз сууга окшогон .

Кадамыңан сендейлердин куруп биз ,
Көп көзүнө багыты жок булутбуз.
Кылым баккан кадырыбыз төгүлүп,
Кыздын анан дешет баары туруксуз.

Кулак салчы курбум дейин курдашым,
Келип турат дүйнөңдү угуп сырдашкым .
Кайылсынбы ? аалам кезип кетүүгө ,
Кайтарбасан мекениндин урматын.

Танмын сага , товарбы эмне турпатың,
Топук кылдың токтугуна курсагың .
Томогосуз шумкар көп түндүгүңдөн,
Таппадыңбы ? Улуу журттун урпагын.

Катасыз болсун кубум беттегениң,

Келечек сөөмөй кезеп жектебесин. 

Курбулар кучагыбыз нурга толуп , 

Кыргыздын ар бир кызы бек төрөсүн!


Эски суйуум....
Сагынычтын сур булуту сурулбой
Сабагынан Кутуу гулу кубулбой .
Санаа менен жол карагам далай кун
Суйуу алып, келээринден тунулбой

Тааныш жолдо тагдырлашып куз менен
Тан алдында сенден калган из менен
Таап алчудай жоготконум кайратып
Таалайыма тийчуу кунду издегем

Куржун асып кусадан арылбаган
Кыйла жылдар издесем табылбаган
Кургурум ай курутуп неге келдин
Очкон кезде улуу от жалындаган

Билсен далай , карегимди жаштагам
Бирок бугун ал адатты таштагам.
Мээримдуу элем мерездике уйрондум
Алдында азыр сен тааныбас башка адам

Унут баарын ,унут коп себептери
Улар суйгон ак гулдой белестеги
Кайт жолундан мен дагы унутайын
Эскирген эски суйуум элеттеги....
*************************************


Сен билген кен дуйномду булут чулгап,
Сезимдер Ылайланды ирең булгап.
Мээрими жок мун арткан ушул кундөр,
Муунумду бошотту көнул туздап .

Боорон болуп көңулдө куйут ырбап,
Умутумдун булагы соолуп кургап.
Бубак басып дуйнөмду улбурөгөн.
Ушуп турам,чыйрыгып баары муздак.

Кырсык чалып кыйналат аксап тилек,
Карегиме капалар алды тунөп.
Ууртумдан уурдаттым наз кулкумду,
Качан билбейм кайрадан ырдайт журөк.


Ийнинди тос

Куугумдун жарыгындай ,                                        
Улбурөп чам чырагым.
Уйулгөн тушук басып,
Умутсуз тумчугамын.

Алсырап турган кезде ,
Сурабайм Акыл кошпо .
Кезигип ийнинди тос,
Көөнөргөн көңул бошто.

Жан дуйнө бушайманын ,
Жакшыдыр билбегенин.
Жөн гана жөлөгум бол,
Жарыгым ундөбөгун.

Жаш төгуп ыйласам да ,
Жайымды сурабагын .
Чекиттер чексиздикте…
Созумду улабагын .

Алсырап турган кезде ,
Сурабайм акыл кошпо .
Кезигип ийнинди тос ,
Көөнөргөн көңул бошто.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар