«Көпөлөктүн түшү» кино тасмасы АКШда сыйлык алды

Рахман Алтын Америкадагы Moondance эл аралык кино фестивалында Эң мыкты кинотасма музыкасы сыйлыгына ылайык көрүлдү.

145307
«Көпөлөктүн түшү» кино тасмасы АКШда сыйлык алды

«Көпөлөктүн түшү» кино тасмасына Эң мыкты кино музыкасы сыйлыгы берилди.
«Көпөлөктүн түшү» аттуу кино тасмасынын композитору Рахман Алтын Америкадагы Moondance эл аралык кино фестивалында Эң мыкты кино тасма музыкасы сыйлыгына ылайык көрүлдү.
Башкы ролдо Кыванч Татлытуг, Мерт Фырат жана Белчим Билгин роль алган «Көпөлөктүн түшү» кино тасмасы үчүн композициялаган музыкалары менен мындан мурда да 15-Милан эл аралык кино фестивалында (Италия) Эң мыкты кино музыкасы, 13- World Soundtrack Academy де (Бельгия) Элдин тандоосу, 46- SİYAD кино сыйлыктарында Эң мыкты музыка жана 19-Король Түркия музыка сыйлыктарында Эң мыкты кино музыкасы сыйлыктарын алган түрк композитору Рахман Алтын, Moondance фестивалында кино музыкасы тармагында эң күчтүү талапкер катары көрсөтүлгөн.
Англия, Италия, Испания, Греция жана АКШда жарыяланган 2013-жылдагы кино музыкасы тизмелөөсүндө «1-номер» боло алган алгачкы түрк композитору Рахман Алтын, Moondance «көпөлөктүн түшү» кино тасмасы менен Эң мыкты кино музыкасы сыйлыгын алып сыйлыктарына дагы бирди кошту.
Колорадо штатына караштуу Боулдер шаарында өткөрүлгөн жана «Американын Канн фестивалы» катары көрсөтүлгөн фестивалда «Көпөлөктүн түшү» киносу Эң мыкты кино музыкасы, Эң мыкты актер жана Эң мыкты кино тармактары менен кошо үч тармакта талапкер көрсөтүлгөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар