Адистердин ракка каршы кеңеши

Ракка каршы эң күчтүү коргоочунун брокколи болгону айтылууда.

134136
Адистердин ракка каршы кеңеши

Адистер, брокколинин ракка каршы эң күчтүү коргоочу болгонун айтышууда.
Диэтте тартиптүү түрдө брокколи жеген кишинин рак, кант диабет, жүрөк оорусу, гипертония, холестерин сыяктуу ооруларды азайтууга жана алдын алууга жардамчы болгонун белгилеген адис диетолог Шебнем Кандыралы: «1 стакан чийки брокколи бир күндүк С витамининин 153 пайызын, фолие кислотасынын 14 пайызын, А витамининин 11 пайызын камсыздайт»,-деди.
Кандыралынын жарыясы мындай:
«Рак рискин азайтат: ай сайын 3 жолу брокколи жегендик, заара бези рагына кабылууну 40 пайыз азайтат. Бул жашылчадан эң көп пайда алууну кааласаңыз бууда жеңил бышырыңыз. Эң көп пайданы алуу үчүн чийки да желсе болот. Брокколини ашыкча бышырып же кайнатсаңыз витаминдери 60 пайызга чейин жок болот. Коюу жашыл же кочкул түстүү брокколилер тандалышы керек. Брокколини жактырбасаңыз, карнабахар, түстүү капуста, капуста, оролмо капуста жана брюссель капустасын жеп көрүңүз. Брокколинин саптары да 1 орточо узундуктагы сабиз же 1 алма менен кошо ширеси чыгарылып ичилсе болот»


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар