Кытайдын EXPO 2016 боюнча чечими
Антальяда өткөрүлө турган EXPO 2016 жарманкесине Кытай дагы катышат.
Кытай Эл Республикасы 2016-жылы Антальяда өткөрүлө турган ботаника боюнча EXPO жарманкесине катышуу чечимине келди.
EXPO 2016 Анталья кеңсесинин баш катчысы Селами Гүлайдын айтымында, Кытай Эл Республикасында уюштурулган Эл аралык бакча өсүмдүктөрүн өндүрүүчүлөр биримдигинин жыйынында ар башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуп, Антальядагы EXPOго катышуу темасында сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди.
Селами Гүлай Кытайдын Гүл өстүрүүчүлөр Биримдигинин баш катчысынын орун басары Чан Йи Чао менен да жолугушканын жана Анталья тууралуу маалымат бергенин айтты.
Гүлай: «Кытай делегациясына Антальяга өткөн жылы 12 миллион турист келгенин, Антальядагы EXPO аянтынын узун мөөнөткө сакталаарын, катышуучу өлкөлөр үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк экенин түшүндүрдүк. Кытайдын Гүл өстүрүүчүлөр Биримдигинин баш катчысынын орун басары Йи Чао, Антальядагы EXPOдо абдан чоң бакча курууну каалагандарын жана бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана тургандарын билдирди. Йи Чао Түркияда биринчи жолу ботаника боюнча EXPO жарманкеси өткөрүлө турганын жана Антальядагы EXPOго чоң маани бергендерин айтты.