Азербайжанда кызык фестиваль өттү

Фестивалга жаш курактары жетимиш жаштан жогору жарандар катышты.

121988
Азербайжанда кызык фестиваль өттү


Маданият жана туризм министрлиги уюштурган фестивалга өлкөнүн ар башка аймактарынан жетимиш жаштан жогору узак өмүр сүргөн жарандар катышты. Алардын эн улуусу 114 жашта. Узак өмүр сургөндөр аймагы катары атагы чыккан Лерик районунда фестивалдын алкагында кол өнөрчүлүк, китеп жана фотосүрөт жарманкелер уюштурулуп, узак өмүр сүргөндөр тууралуу чыгармалар көрсөтүлдү. Ал эми фестивалдын катышуучулары узак жашоонун сырлары катары сабырдуулукту, жан дуйнө тынчтыгын, жакшы маанайды жана табигый таза азыктар менен азыктанууну аташты. Иш чаранын алкагында ар кайсы аймактардан ашпозчулар катышкан «Палоо фестивалы» да өткөрүлдү. Алдыңкы үч орунга илинген ашпозчуларга сыйлыктар тапшырылып фестивал ачык аянтта өнөр адамдарынын концерти менен аяктады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар