Балыкесирдеги байыркы шаарда казуу иштери уланууда
Казуу иштеринин быйылкы бөлүмү 14-августта башталган.
99875
Балыкесирдин Бурханийе районундагы Эдремит булуңуна аты коюлган Адрамиттеон байыркы шаарындагы казуу иштери уланууда.
Тарыхы 7 миң жыл мурда башталган шаардагы табылгалар ошол жерде таанытылат.
Адрамиттеон б.а азыркы аты Өрен шаарында улантылып жаткан казуулардын быйылкы бөлүмү 14-августта башталган.
«Мимар Синан» университетинин илимий салымдары менен Балыкесирдеги Куваю миллийе музейи тарабынан жүргүзүлүп жаткан казуу иштеринде, Эдремит булуңунун өтмүшү аныкталат.
Казуу иштери 26-сентябрга чейин уланат.