Эң чоң кум айкели үчүн рекорддук сыноо

Фестивалдын алкагында алдыбыздагы жылы бийиктиги эң аз 23,5 метр болушу пландалган дүйнөнүн эң чоң кум айкели тургузулат.

95073
Эң чоң кум айкели үчүн рекорддук сыноо

Антальяда сегизинчиси уюштурулган Кум айкели фестивалы уланууда.
Айкелчилердин 25 күнгө созулган иш-чараларынын жыйынтыгында 10 миң тонналык кум колдонулуп жасалган айкелдердин арасында Хун императору Атилла, Карфаген королу Ганнибал, Викинг королу Один, Халид бин Велид, Арстан жүрөктүү Ричард жана Селаххаттин Эйүби сыяктуу тарыхта из калтырган кишилер жана Сахара Куполу менен Тадж-Махал сыяктуу тарыхый түзүлүштөр орун алган 100дөн ашуун кум айкели жергиликтүү жана чет элдик туристтерде кызыгуу жаратты.
Фестивалдын алкагында алдыбыздагы жылы бийиктиги эң аз 23,5 метр болушу пландалган дүйнөнүн эң чоң кум айкели тургузулат.
Фестивалдын директору Жем Каража алдыдагы сезондун темасынын азарынча белгилене электигин маалымдап, «Фестиваль делегациясы катары Анталиянын, ошону менен бирге Түркиянын атын дүйнөнүн эң көп сатылган жана эң көп окулган китеби Гиннес рекорддор китебине киргизүү үчүн рекорддук сыноо кылууга чечим чыгардык. Ал үчүн Гиннес борбору менен байланышка өттүк. Айкел 10 айкелчи жана 20 техникалык иш менен шугулданган бардыгы 30 кишилик команда тарабынан салынат. Дүйнөнүн эң чоң кум айкелин ушул жерде тургузуп, Анталья жана ошону менен бирге Түркиянын атын, таанытуу үчүн маанилүү булак китеп Гиннес рекорддор китебине киргизүүнү ойлоодобуз»,-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар