Герхард Шредер Түркия туура жолдо баратканын билдирди

Мевлүт Чавушоглу да Шредердин премьер-министрлик мезгилинде Түркияга берген убадасын эске салды.

93569
Герхард Шредер Түркия туура жолдо баратканын билдирди

Германиянын мурдагы премьер-министри Герхард Шредер: «Түркия туура жолдо баратат»,-деди.
Эс алуусун Мугланын Бодрум районундагы үйүндө өткөргөн Германиянын мурдагы премьер-министри Герхард Шредер, Европа Биримдиги боюнча министр Мевлүт Чавушоглу жана жаштар жана спорт министри Чагатай Кылыч менен жолугушту.
Президент болуп шайланган премьер-министр Режеп Таййип Эрдоганга телефон аркылуу байланышып куттуктаганын билдирген Шредер, «Бул кадры менен Түркия туура жолдо баратат»,-деди.
Шредер: «Шайланган президент Режеп Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Аны куттуктадым. Мурдагы досум менен байланышым уланууда. Мен эми бодрумдук болдум. Бул жерде өзүмдү аябай бактылуу сезүүдөмүн. Европа Биримдигине мүчө болушу үчүн ийгилик кааалйым»,-деп айтты.
Мевлүт Чавушоглу да Шредердин премьер-министрлик мезгилинде Түркияга берген убадасын эске салды.
Чавушоглу: «Шредер, Түркиянын Европанын келечеги үчүн маанисин эң жакшы билген саясатчылардын башында турат. Премьер-министр болуп турганда Түркиянын маанисин баса белгилечү. Ушул убакта да барган жерлеринде ар дайым муну баса белгилейт жана Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү темасында Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жана Германиянын убадасына туруш керек экендигин жана кол койгон келишимдерине баш ийиши керектигин ар бир платформада айтууда»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар