1-Дүйнөлүк согуштун 100 жылдыгына карата иш-чаралар

«Согуштар өткөн 100 жылдан кийин, тынчтыктар болуучу 100 жыл» аттуу музыкал тартууланды.

111041
1-Дүйнөлүк согуштун 100 жылдыгына карата иш-чаралар

1-Дүйнөлүк согушту баштаткан Гаврило Принциптин Австро-Венгер империясынын эрцгерцогу Франц Фердинанд жана жубайы Софияны өлтүргөн жерде, кол салуунун 100 жылдыгы бооюнча өтүп жаткан иш-чаралар уланууда.
Кол салуу болгон Сараеводогу Латиняне көпүрөсүндө курулган чоң сахнада, «Согуштар өткөн 100 жылдан кийин, тынчтыктар болуучу 100 жыл» аттуу музыкал тартууланды.
Түн ортосунан кийин башталган жана таң заарга чейин уланган иш-чарага сараеволуктар абдан кызыгышты.
Башка Балкан өлкөлөрүнүн ыр чеберлери да өз ырлары менен үн кошкон уюштурууда, 12 өлкөдөн 280 ырчы, оюнчу, музыкант жана бийчи орун алды.
Босниялык Харис Пашовичтин башкаруусунда өткөрүлгөн уюштурууну көргөндөр, музыка, бий жана театр көрсөтүүлөрү болгон жагымдуу убакытты өткөрүштү.
Уюштурууда Босния-Герцеговинанын таанымал ырчыларынан Дино Мэрлин менен катар, Шабан Шаулич жана Элдин Хусейинбегович, Сараево улуттук театр жана опера хору, париждик опера чебери Николя Симеа, Загреб улуттук театр балетинин тобу да өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Буга кошумча ал кечеге атайын сахналаштырылган музыкалда оюнчу Селма Эргеч да роль аткарды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар