Көк асмандагы түрк жылдыздары
Пилотаждык тобунун 6 реактив учагы менен оюн-зоок көрсөтүүсү көргөндөрдү суктандырды.
Аба күчтөрү командирлигинин Түрк жылдыздары пилотаждык тобу нигделиктерге унутулгус эскерүүлөрдү калтырды.
Пилотаждык тобунун 6 реактив учагы менен оюн-зоок көрсөтүүсү көргөндөрдү суктандырды.
Нигделиктер учкучтарды сыймыктанып карап турушту.
Аба күчтөрү командирлигинин Түрк жылдыздары пилотаждык тобу Нигденин ачык асманында учууларын көрсөттү.
Асмандагы оюн-зоокту көрүш үчүн Борго жакын жердеги аянтка миңдеген жаран чогулду.
Оюн-зоок Кайсеридеги Аба күчтөрү командирлигинин базасынан учкан 6 реактив учагы менен аткарылды.
Учактар көрсөткөн пилотаждык кыймылдар көздүн жоосун алды.
Асмандагы учуулар жыйырма мүнөткө созулду.
Түрк жылдыздары дүйнө жүзүндө 8 суперсоник учактар менен оюн-зоок көрсөткөн жалгыз пилотаждык топ өзгөчөлүгүнө ээ.
Тектеш кабарлар
Бүгүн Энелер күнү
Түркияда май айынын экинчи жекшембиси ар дайым Энелер күнү катары белгиленип келет.