Күн тартибине сереп салуу  - 40

Сочи макулдашуусунан кийин Идлибде мүмкүнчүлүктөр жана кыйынчылыктар.

1063347
Күн тартибине сереп салуу  - 40

Акыркы мезгилде күн тартибинен орун алган Идлиб маселесинин Сочидеги саммит  түзүлгөн макулдашуунун акырында чечилиши маанилүү болгон маселе катары алдыбызга чыгууда. Үч жарым миллион жаран жашаган Идлибди режимдин кол салууларынан коргоо абдан чоң мааниге ээ болуп жаткан. Түркиянын аракеттери жана чечкиндүүлүгү Идлибге карата бүткүл дүйнөнүн тынчын алган ыктымалдуу аскердик операцияга тоскоолдук болду.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазууучусу Жан Ажундун тема тууралуу баамдоосу.

Түркия менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн макулдашуу боюнча Идлибдеги фронтто 15 – 20  километр ичкериде  демилитаризацияланган зонанын      түзүлүшүнө чечим чыгарылды. Ушунун негизинде оппозициячылдар жана террордук уюмдар ал аймактан чыгартылат.   

Өзгөчө стратегиялык  мааниге ээ Латакия жана Дамаскты Халеп менен бириктирген М4 жана М5 авто жолдору кайрадан жарандардын колдонуусуна ачылат. Түркия жана Орусия Сочиде маанилүү бир макулдашууга ко койгон болсо да Түркия менен Орусиянын макулдашууну аянтта ишке ашыруусунда кээ бир маанилүү тоскоолдуктар чыгышы мүмкүн.

Орусия жооптуу болгон жерлер үчүн эң чоң маселени Иран колдогон шиит куралдуу күчтөр түзүүдө. Акыйкаттан да Ирандын Сочидеги саммитке катышпашы Сочи макулдашуусунун ишке ашырылышында Иран тоскоолдугунун пайда болушуна себеп болушу мүмкүн. Иран менен Асад режими расмий түрдө Сочи макулдашуусун колдошкондорун билдирген болсо да Иран жана Асад режиминин Идлиб үчүн  максималдуу мамиле кылгандыгы белгилүү. Орусиянын макулдашууну аянтта ишке ашырышы үчүн Иран колдогон шиит куралдуу күчтөрүн көндүрүүсү керек.

Идлибден да Сочи макулдашуусунан кийин режим аймактарынан оппозициячылдар текшерүүгө алган аймактарга карата кээ кээде ок атуулардын болушу жана режимдин Идлиб фронт жолундагы аскерлерин артка чегинпеши, Орусиянын белгилүү бир деңгээлде кыйынчылык тартып жаткандыгын көрсөткөн алгачкы маалыматтар катары алдыбызга чыгууда.

Түркия үчүн Сочи макулдашуусунун аянтта ишке ашырылышынын алдындагы тоскоолдук аймактагы актерлордун Түркия менен шайкештик ичинде кыймыл кылып же кылбашы. Идлиб аймагындагы эң чоң аскердик күч болгон жана Түркия тарабынан да колдоого алынган Улуттук эркиндештирүү фронту жарыялаган билдирүү менен Сочи макулдашуусу үчүн Түркия менен бирге кыймыл кылууга даяр экендерин бирок  Орусияга, Иранга жана Асад режимине ишенишпегендерин айткан. Түркия үчүн Сочи макулдашуусунун ишке ашырылышынын алдындагы ыктымалдуу тоскоолдук аймактагы радикал уюмдар. Негизинен Идлиб аймагындагы радикал уюмдар эки негизги категорияда карала алат. Биринчи категорияны Хейет ел Шам жалгыз өзү түзгөн болсо экинчи категорияда чоң – кичине жана башка радикал топтор бар. Хейет Тахрир ел Шамдын Идлиб аймагында жарандык калктын симпатиясына ээ болууга карата жүргүзгөн саясатты улантуусу күтүлүүдө. Ошол эле учурда Хейет Тахрир ел Шам өз идеологиялык кызыкчылыктары менен  оппозиция жана Түркиянын ортосунда бир тең салмактуулук саясатын жүргүзүүгө аракет кылууда. Акыйкаттан да Хейет Тахрир ел Шамдын Сочи макулдашуусу тууралуу чечимдерин билдирген бир билдирүүнүн берилбегендиги маанилүү. Сочи макулдашуусунун ишке ашырылышы үчүн Хейет Тахрир ел Шам демилитаризацияланган зонадан чыгып кетиши үчүн көндүрүлө алат.

Бирок Хурраш Ед Дин сыяктуу радикал жана түздөн түз борбордук Аль Каидага караштуу уюмдар Сочи макулдашуусун четке каккандарын ачыкча билдиришти. Ушунун негизинде Түркия өзүнө жакын топтор менен бирге мындай радикал уюмдарга каршы керектүү кадамдарды таштоого мажбур болушу мүмкүн.

Сириянын негизги бир бөлүгүн ДАЕШ жана ПКК/ЙПГ сыяктуу террордук  уюмдардан тазалаган Түркиянын Сочи макулдашуусунун жана өз улуттук кызыкчылыгынын негизинде Идлиб аймагын да орточо жана узун мөөнөттө террордон тазалай тургандыгы күтүлө алат. Түркиянын террор менен күрөшүндө Идлиб сириялык жарандардын тынчтык ичинде жашашы үчүн жаңы бир жетишкендик боло алат.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун пикири.



Тектеш кабарлар