Күн тартибине сереп салуу  - 34

Түркия  - АКШ араздашуусу

1037215
Күн тартибине сереп салуу  - 34

Түркия менен АКШнын ортосунда болгон араздашууда структуралык жана конъюнктуралык жактарынын бар экендиги белгилүү. Структуралык  мааниде АКШнын 1952 -  жылы НАТО мүчөлүгүнөн баштап Түркия менен   ассиметриялык карым  - катнаш   куруу аракетинде болушу алдыңкы планга чыгууда. Бирок Түркиянын өзгөчө Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын бийлиги менен бирдикте көз карандысыз тышкы саясат жүргүзүшү Түркиянын кызыкчылыктарын борборго алган бир позицияга ээ болушу АКШ тарабынан эмдигиче сиңдириле албай жатат. Конъюнктуралык жактан болсо АКШнын ФЕТӨ корбашысы Фетуллах Гүленди тапшырбашы, мыйзамдуу процесстин баштатпашы жана Пенсильванияда эркин жашашына мүмкүнчүлүк түзүшү эки тараптуу карым  - катнаштарды бузган маанилүү темалар. АКШнын ошол эле учурда Сирияда террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы болгон ЙПГ менен бирге кыймыл кылышы, аларды жергиликтүү союздаш катары аныкташы, машыктырышы жана куралдандырышы, Түркия үчүн кабыл алынгыс абал. Акыйкаттан да террордук уюм ПККнын Түркиянын түштүк чек арасында ушул себептен кеңейиши жана аянтка ээ болушу Түркия үчүн улуттук бир коркунуч. Эки өлкөнүн ортосундагы бул араздашууга кошумча катары акыркы мезгилде Брунсон жана Ф  - 35 кризиси да кошулду.

АКШ сенатынын мүчөлөрү акыркы мезгилде Түркияга каршы Брунсондун абакта болушу жана Түркиянын Орусиядан С  - 400 абадан коргонуу системаларынын алынышынан сөз кылып жатышат. Сенаттын мүчөлөрүнүн Брунсондун эркин койо берилиши тууралуу көшөрүүшү Ак үй тарабында да бар. Акыйкаттан да АКШнын президенти Дональд Трамп Президент Р. Т. Эрдоган менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө кечил Брунсондун эркин койо берилишин талап кылган. Өзгөчө Американын президенти Трамп твиттерден да Брунсондун эркин койо берилишин талап кылган. Түркияда жашаган кечил Брунсон 15 -  июлдагы ФЕТӨчү козголоң кыймылынан киийн ФЕТӨ жана ПКК террордук уюму менен болгон байланышынан улам соттолуп жатат. АКШдагы евангелист чөйрөнүн колдоосун жоготпоо жана евангелист шайлоочусун бекемдөө үчүн АКШнын вице  - президенти майк Пенс берген маалыматында Түркиядан 2 жылдан бери сот процесси бүтпөгөн Брунсондун эркин койо берилишин талап кылып, Түркияны санкциялар менен коркутту. Андан кийин Трамп орун басары Пенстин билдирүүсүн бекемдеди жана Түркияга каршы коркутууларын кайталады. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу болсо АКШнын Түркияны коркутууларын кабыл алышпагандарын, жана Түркиядагы сот процессинин көз карандысыз иштеп жаткандыгын, АКШнын талаптары соттун көз карандылыгына тескери экендигин айтты. АКШнын Түркияга каршы чыгарган санкция чечимдери менен адилеттик жана ички иштер министрлери санкция тизмесине кошулду жана Түркияга бир бөлүк кредит чектөөсү алып келди. Бул чечим менен бирге АКШнын Түркияга каршы экономикалык согушту баштады. Түрк базарлары жана валюта курстары спекуляциялар менен манипуляция кылына баштады. Түркияга карата экономикалык кол салуу боюнча Түркия борбордук банкы маанилүү чечимдерди чыгарды жана түрк лирасынын баа жоготуусун токтотуп, долларга карата баага жетишүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү. Акыйкаттан да 7 лирадан да ашкан  долар курсу эки күндүн ичинде 6 лиранын астына түштү.

Түркияга каршы экономикалык кол салуулар көп болгон күндөр жана сааттарда казына жана финансы министри Берат Албайрак Түркиянын жаңы экономикалык моделинин принциптерин билдирди. Түркиянын жаңы экономикалык модели билдирилген учурда АКШнын президенти Дональд Трамп Түркияга каршы алиминиюм жана темир импортуна кошумча жаза салыктарды алып келгендигин жарыялады. Трамптын билдирүүсү валюта курсуна маанилүү катнашта таасир берсе да түрк лирасы кайрадан өзүнө келди. Трамптын Түркияга каршы санкцияларды жасап, ошол эле учурда Кытай менен да экономикалык согушту жүргүзүшү маанилүү бир жер. Акыйкаттан да Трамптын Түркияга каршы жаза салыгын билдиргеден бир канча күндөн кийин Кытай Түркия жана Орусиядан жергиликтүү акча биримдиги менен алиминиюм жана темир импорттоп аларын билдирди. Түркиянын АКШ тарабынан экономикалык кол салууга дуушар болушунан Орусия жана Ирандын Түркияга колдоо билдирүүлөрү келди. Бирок Түркия үчүн экономикалык өлчөмдө эң негизги базар болгон Европа Биримдигинин мамилеси АКШнын санкцияларына каршы абдан маанилүү эле. Европа Биримдиги жана өзгөчө Германия Түркиянын экономикалык мааниде күчсүздөнүшүн жана кризис жашашын каалабагандыгын жана Түркия менен карым  - катнаштарды улантууну каалашкандарын билдиришти. Түркия кризис жашай турган болсо Европа Биримдиги өлкөлөрү да бул кризистен маанилүү катнашта таасирленет. Акыйкаттан да түрк лирасынын баа жоготушу Европа биржаларында жана евро  - доллар курсунда өзүн негатив катары көрсөттү. Өзгөчө Италия жана Испания банктарынын Түркияга чоң өлчөмдө кредит бериши, Европа Биримдигинин Түркиядагы кандайдыр бир кризистин чыгышына карата тынчсыздантууда.



Тектеш кабарлар