Күн тартибине сереп салуу  - 30

NSU доосу жана Европада  жогорулаган нацистик -  исламофобия.

1020147
Күн тартибине сереп салуу  - 30

NSU террордук уюму доосу 5 жылдык сот процессинен кийин бүткөндүгүнө карабастан NSU доосу тууралуу шектенүүлөр жана белгисиздиктер улантылууда. NSU террордук уюмунан сабак аларын айткан немис өкмөтүндө жана коомунда болсо өткөн мезгилдеги нацистик жана исламофобия барган сайын жайылып бара жатат.

Германияда сегизи түрк болгон он кишини өлтүрүү, банк талап - тоноо жана бомбалуу кол салуу менен күнөөлөнгөн NSU террордук уюму доосу акырына жакындап калды. Мюнхен жогорку облустук сотунда 5 жылдан ашуун убакыттан бери болуп келе жаткан доодо негизги шектүү Беате Чепеге өмүр бою абак жазасы берилди. Башка төрт шектүү киши түрдүү мөөнөттөр менен абак жазасына тартылды.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун тема тууралуу баа берүүсү.

Прокуратура жана немис коопсуздук бөлүктөрү NSU террордук уюмунун 3 кишиден тургандыгын белгилеп жатат. Беате Чепе менен бирге башка NSU мүчөлөрүнөн Уве Бёнхардт менен Уве Мандлостун 2011 -  жылы 4 -  ноябрдагы банк талап  - тоношунан кийин жашырынган караванда өлүү табылышы жана жандарын кыйгандыгынын ортого салынышы бир топ шектенүүгө себеп болду. ­Өзөчө NSU доосунун башкы шектүүсү Беате Чепенин NSU мүчөлөрү акыркы жолу колдонгон үйдү өрттөп бир канча күндөн кийин полицияга багынышы жана NSU террордук уюмунун Конститутцияны коргоо уюму менен  байланыштуу болушу доонун кээ бир жашыруун жактары калды деген шектенүүлөрдү арттырды. Өзгөчө немис ички чалгындоо бөлүгү болгон Конституцияны коргоо уюмунун NSU менен байланыштуу 130 досьени жок кылышы NSUнун артындагы бардык чындыктын эч качан ортого чыкпашын гарантияга алган. Акыйкаттан да алектенген адвокатар NSU террордук уюмунун 3 кишиден тургандыгына ишенбейт.

NSU доосу бүткөндүгүнө карабастан коопсуздук бөлүктөрүнүн өзгөчө Конституцияны коргоо уюмунун негизинен NSU тууралуу эмне билгендиги сыяктуу орчундуу бир маселенин жообу табыла албады.

NSU террордук уюму тарабынан иштелген кылмыштардын артынан немис  коопсуздук бөлүктөрү оболу курмандыктын үй  - бүлөсүнөн шектенген жана нацист кылмыштын болушун четке каккан.

Немис медиасы болсо NSU террордук уюмунун ортого чыгышынан мурда ишке ашкан кылмыштарды «айланып келүүчү кылмыш» деп мүнөздөгөн. Немис коопсуздук бөлүктөрдүн бардык чалгындоо маалыматтарына көңүл бурбашы жана кылмыштардын артында нацист бир террордук уюмдун болуу ыктымалын четке кагышынан улам NSU террордук уюму көптөгөн жылдар кылмыштарын улантып келген жана жалпы 10 киши каза болгон.

NSU террордук уюм доосунун бүтүшү менен бирге ошол эле убакыттын ичинде Германиядагы нацисттиктин жана исламофобиянын артышынын эң чоң көрсөткүчү болгон Ашыкча оңчул партия АФД болсо коомдук сурамжылоолорго караганда немис саясатында эң көп колдоо алган экинчи эң чоң партия болду. АФДнын экинчи  эң чоң партия болушу менен бирге нацистик жана исламофобиянын немис саясатында жана немис коомунда орун тапкандыгын айтууга болот. Көптөгөн убакыттан бери коомдо бар болгон чет элдик душмандыгы жана исламга каршылык эми АФД менен угулган үнгө айланды.

Бирок бир гана АФДнын жогорулашы эмес, ошол эле учурда өкмөт өнөктөшү болгон Христиан социалисттердин да АФДга окшогон  кыймылды көрсөтүп чет элдик душмандыгын жана исламофобияны көкүткөн сөздөр жана кыймылдардын ичинде болушу, Германиянын өзгөргөндүгүн көрсөтүүдө. Экинчи дүйнөлүк согушунан бери немис коомчулугунда биринчи жолу нацистик жана белгилүү бир динге каршы душмандык ушул себептен күч алды. Немис коомунун өзгөргөндүгүн көрсөткөн башка бир негизги нерсе немис улуттук командасы. 2014 -  жылы дүйнөлүк чемпион болгон немис улуттук командасы көптөгөн жылдар интеграция жана көп маданияттуу турмуштун ийгилиги катары көрсөтүлүп жаткан. Месуд Өздил, Илкай Гүндоган, Сами Кедира, Лукас Подольски, Джером Боатенг сыяктуу бир топ киши немис улуттук командасы үчүн беттешишти. Бирок немис улуттук командасы да нацистиктен насибин алды. Биринчи чоң чыр  - чатак АФДнын төрагасы Александр Гауланддын «Эл Боатенгди коңшусу катары каалабай жатат» деген билдирүүсү менен чыкты. Экинчи чоң  чатак болсо Месуд Өздил жана Илкай Гүндогандын Түркия президенти Р. Т. Эрдоган менен Британияда сүрөткө түшүшү менен чыккан. Акыйкаттан да немис улуттук командасынын Орусияда болгон дүйнөлүк чемпионатта группалардан чыгышынын жооптуусу катары Месуд Өздилдин президент Эрдоган менен түшкөн сүрөтү деп билдирилди.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун пикири.



Тектеш кабарлар