Күн тартибине сереп салуу  - 28

Түрк коргонуу өнөр жайындагы өнүгүү.

1012440
Күн тартибине сереп салуу  - 28

Түркия өткөн жылдарда коргонуу өнөр жай тармагында чоң аралыкты басып өттү. Бир топ курал системасы жана ок  - дарыны жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен чыгарган түрк коргонуу өнөр жайы бир тараптан түрк куралдуу күчтөрүнүн өлкө тышына болгон көз карандылыгын азайтып, бир тараптан да түрк экономикасына жана түрк тышкы саясатына маанилүү салым кошууда. Түрк коргонуу өнөр жайынын өнүгүшү мурункуларга таянса да Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын 2002 -  жылы өкмөттү кургандан кийин ылдамдады. Көптөгөн жылдардын ичинде чыгарылган курал системаларынын саясында Түркия жана түрк куралдуу күчтөрү дагы да күчтүү бир позицияга ээ болду.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү – жазуучусу Жан Ажундун тема тууралуу пикири.   

Түркиянын коргонуу өнөр жайында таштаган кадамдарынын саясында бир топ кургактык унаалары, деңиз унаалары, авиация жана космос, аскердик, электрондук системалар, курал системалары, радар жана электрондук фронт, логистикалык жана билим берүү тармактарында чоң жолду басып өттү. КИРПИ, BMC EFE, KAYA, PARS, EJDER, EJDER YALÇIN, COBRA жана URAL сыяктуу ийгиликтүү ок өткөрбөс унааларды чыгарган түрк коргонуу өнөр жайы унааларды бир тараптан түрк куралдуу күчтөрүнө тапшырып, бир тараптан да өлкө тышына экспорттоп жатат. Өзгөчө террор менен күрөшүүнүн негизинде ийгиликтерин далилдегенден кийин түрк ок өткөрбөс унаалары өлкө тышында дагы көп кызыгуу көрө баштады. Бул өндүрүлгөндөрдүн НАТО стандраттарынын да үстүндө  болушу, өндүрүү чыгымынын төмөн болушу жана өлкө тышында сатуунун саясий талаптарга байланыштуу болбошу эл аралык базарда кызыгуу көрүшүнө себеп болду.

Түркия кургактык унааларында жетишкен ийгиликтин окшошун деңиз жана аба унааларында да көрсөттү. Түрк коргонуу өнөр жайынын улуттук мүмкүнчүлүктөр менен чыгарган MİLGEM деңиз унаасы жана АТАК тик учарынын үлгүсү түрк коргонуу тарыхындагы эң чоң сатышын ишке ашырды. Пакистандын Түркиядан 1, 5 миллиард долларга 30 АТАК тик учарын сатып алышы түрк экономикасына жана Түркия  - Пакистан карым  - катнаштарына чоң салым кошту. Пакистандын АТАК тик учарын алуу үчүн түзгөн келишимден кийин Түркиядан 4 MİLGEM кемесин алуу үчүн да келишимге кол коюшу Түркия тарыхындагы эң чоң коргонуу өнөр жай экспорту болду.

Түркиянын аба унааларындагы ийгилигинин башка бир көрсөткүчү болсо куралдуу жана куралсыз BAYRAKTAR учкучсуз унаа аппараты. Катарда өткөрүлгөн DİMDEX - 2018  жарманкесинин негизинде Катарга алты даана Байрактар ТБ2 учкучсуз унаа аппаратынын экспорту үчүн келишим түзүлдү. Жарманкеде ошол эле учурда BMC, AMAZON, KİRPİ, EJDER YALÇIN, AKİD машыктыруучу унаасы, Арес ар башка түрдө сүзүүчү платформалар жана Йонжа Онук MRTP-24/U экспорттолуп жалпы 700 миллион лиралык бир келишимдин түзүлгөндүгү белгиленди.

Түрк аба унааларынын ийглигин көрсөткөн башка бир маалымат болсо Украина жана Түркиянын ортосунда Украинага BAYRAKTAR учкучсуз унаа аппаратынын сатылышы жана орток заводдун курулушу үчүн макулдашуу келишимине колдун коюлушу. Коргонуу өнөр жайынын ийгилигин көрсөтүү жактан «Евфрат калканы» кыймылы менен «Зайтун бутагы» операциясы абдан маанилүү эки аскердик кыймыл катары алдыбызга чыгууда.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн ДЕАШ жана ПКК/ЙПГ менен күрөшкөн кыймылдарда түрк коргонуу өнөр жайы өндүргөн продукциялар алдыга чыкты. Түрк аскеринин Сириянын кыйын шарттарына карабастан эки операцияда чоң ийгилкке жетишинин негизги себептеринин бирөөсүнүн коргонуу өнөр жайындагы өнүгүү экендиги шексиз.

«Евфрат калканы кыймылы» жана «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде түрк коргонуу өнөр жайынын продукцияларынын эки операциянын муктаждыктарын жүз пайыздык катнашта камсыз кылышы Түркиянын көз карандысыздыгын арттыргандыгын көрсөттү. Эки операцияда алдыга чыккан алты башка коргонуу өнөр жай продукциясы бар : Улуттук карабин мылтык, Фыртына пушкалары, BAYRAKTAR учкучсуз унаа аппараты, АТАК тик учары, EJDER YALÇIN жана KİRPİ.

Түрк аскеринин улуттук өндүрүшү болгон карабин мылтыгын колдонушу, Сирия ичиндеги буталардын куралдуу учкучсуз унаа аппараты жана учкучсуз унаа аппараттары менен аныкталып жардырылышы, Фыртына пушкаларынын Түркия чек арасынан Сирия ичиндеги буталарын ийгиликтүү жардырышы, АТАК тик учарынын Африн сыяктуу тоолуу аянтта террордук буталарга каршы колдонулушу, EJDER YALÇIN жана  KİRPİ ок өткөрбөс унаалардын түрк аскерин террордук кол салууга каршы коргошу, негизинен түрк коргонуу өнөр жайынын эң чоң сынагы эле. Түрк коргонуу өнөр жайы өндүргөн курал системаларынын чыныгы согуштук аянтта ийгиликтүү болушу эл аралык аренада коргонуу өнөр жайы үчүн күчүн көрсөттү.

Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фондунун изилдөөчү  - жазуучусу Жан Ажундун пикирин уктуңуздар.



Тектеш кабарлар