Китептер баяны-6

Ахмед Яшар Ожактын “Түрктөр, Түркия жана ислам” аттуу китеби.

478792
Китептер баяны-6

Урматтуу китеп күйөрмандары, бүгүнкү уктуруубуз үчүн китеп коллекциябыздан «Түрктөр, Түркия жана ислам» деген китепти  тандап алдык. Бул китеп түркиялык илимпоз Ахмед Яшар Ожактын калеминен жаралган. Китеп алгачкы жолу 1999-жылы «Илетишим» басмаканасы тарабынан басылып чыккан. Китеп 200 беттен турат.

                                  «Түрктөр, Түркия жана ислам» китебинде башталыштан бүгүнкү күнгө чейин түрк тарыхында исламдын кандай чагылдырылганы баяндалып, Осмон дөөлөтү жана Түркия Республикасы доорундагы исламдын орду,  түрк мамлекетинин жана элитасынын ислам динине болгон көз карашы каралган.

                                   Кадырлуу китепкөйлөр,  Ахмед Яшар Ожактын «Түрктөр, Түркия жана ислам» деген китебинде түрктөрдүн ислам динин кабыл алышы жана Осмон бектигинин алгачкы жылдарындагы ислам дининин абалы боюнча маанилүү жана кызыктуу маалыматтар берилген. Алгач ушул маалыматтарды сиздерге кыскача айтып берели:

                                  Түрктөр 10-кылымдан тартып массалык түрдө ислам динин кабыл ала башташкан. Караханиддер алгачкы мусулман түрк мамлекети болуп эсептелет. Караханиддерден кийин ислам дини башка түрк мамлекеттеринде да расмий дин болгондугун баарыбыз жакшы билебиз. Осмон дөөлөтүнүн түптөлүшүнө салым кошкон селчуктар 11-кылымдын экинчи чейрегинде исламдын сунни агымынын борбору болгон мавераннахрда ислам динин кабыл алышкан. Бул окуя көп тараптан, өзгөчө саясий жана маданий тараптан, исламдын сунни агымынын тарыхында бурулуш жасаган. Анткени ошол мезгилден кийин түрктөрдүн кол алдына кирген Ортоңку Чыгышта ахли сүннөт мазхабы күчтөнгөн. Бул окуя исламдын сунни агымынын саясатташуу процессинин дагы бурулуш жери болуп саналат. Анткени ушундайча Осмон дөөлөтүнө чейин созулган көпүрөнүн пайдубалы түптөлгөн. Исламдын сунни агымы түрк мамлекеттеринин негизги идеологиясына айланып күчтөнгөн жана осмон түрктөрүнүн жардамы менен 16-кылымга чейин ислам дүйнөсүнүн теӊдешсиз күчү болуп турган. 16-кылымда ислам тарыхында бир маанилүү окуя болгон: 1502-жылы Иранда Сефевиддер дөөлөтүн курган Шейх Шафийауддин Эрдебил династиясы шии мазхабын саясатташтырып мамлекеттин расмий идеологиясына айланткан. Ошентип шии агымы Осмон сунни агымынын эӊ чоӊ атаандашы катары тарыхтагы өз ордун алган.

Түрктөрдүн ислам динин кабыл алышы боюнча сөз кылып жатканда «түрк гетеродокс исламы» маселесине токтоло кетүү керек. «Түрк гетеродокс исламы», популист сопулук аркылуу көчмөн түрк урууларынын эски ишеним жана үрп-адаттарына ылайыкташтырылган көчмөндөрдүн ислам дини болуп эсептелет. Орто кылымда түрк калктарынын көпчүлүгү көчмөн жашоо образын улантышкан, шаманизм сыяктуу мистикалык маданият тажрыйбасына ээ болушкан, калктын көпчүлүгүнүн кат сабаты жок болгон. Ушул нерселерден улам түрк калктарынын китептеги исламды түшүнүп, амал кылышы мүмкүн эмес эле. Түрктөрдүн ислам динине жакындашын камсыз кылуу максатында ислам жөнөкөйлөштүрүлүп, мистикалык жол аркылуу, башкача айтканда, ислам динине чейинки ишеним методдорун колдонуу аркылуу үйрөтүлгөн. Аларга бул жолду Хорасандагы «Меламетия» мектебинде таалим алган Кожо Акмат Яссави жана анын мурасчылары ачып беришкен.

                                  Анадолунун түндүк-батышында 14-кылымдын башында чек арадагы бектик катары тарых сахнасына чыккан Осмон дөөлөтү  «түрк гетеродокс исламынын» мурасчысы болгон. Сопулар Осмон дөөлөтүнүн түптөлүшүндө аябай маанилүү роль ойношкон. Алгачкы Осмон бектери алар үчүн атайын ибадат жайдарын ачышкан, алар үчүн фонддорду негиздешип, аларга жер тилкелерин бөлүп беришкен.

                                  Бул жерде баса белгилей кетчү нерсе, бектик доорунда осмон бийлигиндегилер менен карапайым калктын ислам түшүнүгү окшош болгон. Анткени башкаргандар менен башкарылгандардын аӊ-сезимдеринде айырмачылык жарала элек болчу. Калктын эки катмары теӊ бирдей социалдык, экономикалык жана маданий чөйрөдө жашашкан. Йылдырым Баязыт доорунан тартып, тагыраак айтканда, 14-кылымдын аягынан тартып Осмон султандары менен бюрократтары китептеги исламды амал кыла башташкан. Башкача айтканда башкаруучулар менен башкарылгандарды бириктирип турган «калк исламынын» ордуна башкаруучулар китептеги исламга өтүшкөн. Бул процесс 15-кылымда соӊуна чыккан.

                       

                                 

Урматту      Эми биз «Түрктөр, Түркия жана ислам» китебинде берилген Осмон сунни агымы туралуу маалыматтарды сиздер менен бөлүшөбүз:

«Осмондордун ислам дини» деген 16-кылымда өзүнүн туу чокусуна жеткен Осмон мамлекетинин борбордук бийлиги жана анын айланасындагылардын саясатташкан сунни исламын, башкача айтканда, Осмон сунни агымын билдирет.

                                 Осмон сунни агымы бийликтин билим берүү мекемелери болгон медреселер аркылуу классикалык суннилигин бардык теориялык жана практикалык өзгөчөлүктөрүн өзүнө сиӊирип алган. Өзгөчө Фатих Султан Мехмед доорунда Византиянын борбор шаары Константинополь Осмондун борборуна айлангандан кийин Осмон сунни агымы империянын идеологиясына айланган. Ушундан кийин уламалар диний бюрократия статусунда болуп калышкан. Алар империянын мусулман букарасынын диний билимин, биримдигин, укуктук муктаждыктарын камсыз кылуу менен алектенишкен. Бирок уламалардын эң негизги милдети бийликтин бардык иш-аракеттерин мыйзамга ылайыкташтыруу болгон.                       Осмон сунни агымы 16-кылымдын башында, башкача айтканда Явуз Султан Селим дооруна чейин «ахли капыр» же христиан дүйнөсүнө каршы күрөшүү миссиясын негизги милдети деп эсептеген. 16-кылымдын башында Иранда Сефеви мамлекетинин түзүлүшү менен бирге шии пропагандасы башталган. Ошентип осмон сунни агымынын жаӊы миссиясы пайда болгон. Бул миссия «ахли рафзга» каршы күрөшүү миссиясы эле. Бул күрөш бир тараптан Сефевилерге, экинчи тараптан алардын Анадолудагы жактоочулары болгон көчмөн түркмөн группаларына каршы жүргүзүлгөн.

                                 Кыскача айтканда, Осмон сунни агымы 16-кылымдан тартып ар кыл жаӊылыктарга эшик ачпаган, жумшактык жана динамизмге жол бербеген коргонуучу жана эскичил мүнөзгө ээ болгон. Бул ислам түшүнүгү 17-18-кылымдарда да өзүнүн өзгөчөлүктөрүн сактап кала берген.

                                 Урматтуу китеп күйөрмандары, эгер «Түркия жана ислам» деген тема сизди кызыктырса, анда  Ахмед Яшар Ожактын «Түрктөр, Түркия жана ислам» аттуу китебин окуп чыгууну сунуш кылабыз.

Программаны даярдаган Абдырасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

 



Тектеш кабарлар