Евразияга сереп салуу-95

ЯПОНИЯНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫНЫН ОРТО АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНӨ ЖАСАГАН ИШ САПАРЫ-2.

414865
Евразияга сереп салуу-95

Урматтуу окурмандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында сөзүбүз Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэнин Орто Азия мамлекеттерине жасаган иш сапары тууралуу болгон эле. Бүгүн ошол теманы улантабыз.

Кадырлуу окурмандар, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Орто Азия мамлекеттерине жасаган расмий иш сапарынын алкагында 26-октябрь күнү Кыргызстандын борбор шаары Бишкекке келди. Кыргызстанга алгачкы иш сапары менен келген Абэни «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев тосуп алды. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары жолугушуу өткөрүштү. Андан соң Япониянын премьер-министри Синдзо Абэни Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Жолугушуунун аягында эки өлкөнүн ортосунда транспорт, инфраструктура жана айыл чарба тармагы боюнча келишимдерге кол коюлду.
Кол коюлган келишимдерге ылайык Япония 2016-жылы «Манас» эл аралык аэропортунун жаңыланышы үчүн 16 миллион доллар жардам көрсөтөт. Мындан сырткары Япония Кыргызстандын айыл чарба тармагы үчүн 1.5 миллион доллар, Ош-Баткен-Исфахан шоссе жолунун курулушу үчүн 117 миллион доллар каражат бөлүп бермекчи. Абэнин иш сапарынын алкагында кыргыз-япон ишкерлер форуму да өткөрүлдү.
Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Кыргызстандан кийин Казахстанга расмий иш сапары менен барды. Абэ Астана шаарында Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан кабыл алынды. Назарбаев менен Абэ өз ара жана делегациялардын катышуусу менен жолугушуу өткөрүштү. Бул жолугушууларда эки өлкөнүн мамилелерин жана Орто Азия мамлекеттери менен Япониянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Назарбаев жолугушууда Казахстан менен Япониянын ортосунда 700 миллион долларлык 6 долбоордун ишке ашырылып жаткандыгын баса белгилеп, Япония менен 10 жаңы долбоорду ишке ашырууну пландап жатышканын айтып өттү. Казахстандын президенти Абэнин Орто Азия сапарын «туура убакытта жасалган аябай маанилүү иш сапар» деп баалады.
Жолугушуулардан кийин Казахстан менен Япониянын ортосунда «Стратегиялык кызматташууну чыңдоо», «Атомдук сыноолорго түп тамырынан тыюу салуу», «Каржы кылмыштарынын жоюулушу» темаларында кызматташтык протоколдору менен бирге 14 келишимге кол коюлду. Жолугушуулардын соңунда Абэ менен Назарбаев журналисттерге брифинг беришти.
Эки өлкөнүн мамилелерине баа берген Абэ Япониянын Казахстанда атомдук станция курууга кызыкдар экендигин билдирди. Абэнин иш сапарынын алкагында казак-япон ишкерлер форуму да өткөрүлдү. Ошентип 28-октябрда Япония өкмөт башчысынын Орто Азияга жасаган иш сапары аяктады.

Урматтуу окурмандар, Япониянын Орто Азияга болгон кызыгуусу 20-кылымдын баш ченинде башталган. Ал мезгилде аймактын кудуреттүү өлкөсүнө айланган Япония империясы «Чоң Азия» долбоорунун негизинде Орто Азияга кызыккан. Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилүүгө учурагандан кийин Япония алыскы мамлекеттер менен көп алектенбей, өзү менен өзү болуп калган.
Акыркы мезгилдеги Япония-Орто Азия мамилелери 1992 -1996-жылдар, 1996 – 2001-жылдар, 2001 – 2004-жылдар жана 2004 – 2011- жылдар болуп төрт баскычта өнүктү десек жаңылышпайбыз. Башкача айтканда, Япония аймактагы мамлекеттер менен мамилесин акырындап өнүктүрдү. Алгач Япония Орто Азия мамлекеттеринде өзүнүн өкүлчүлүктөрүн ачты. Орусия менен Кытайдын демилгеси менен Шанхай Кызматташтык Уюму түзүлгөндөн кийин Япония да аймактагы мамлекеттер менен мамилесин чыңдоо максатында «Жибек жолу дипломатиясы» деген долбоорду ишке ашыра баштады. Америка Кошмо Штаттарынын Ооганстанга кириши Япониянын Орто Азия аймагына кызыгуусун арттыруусуна себеп болду. 2004-жылы «Орто Азия-Япония диалогу» жарыя кылынды. Бул платформа азырга чейин ийгиликтүү иштеп келе жатат. 2004-жылы Япониянын ошол кездеги өкмөт башчысы Коидзуми аймакка алгачкы иш сапарын жасады. Коидзуминин зыяратынан 9 жыл өткөндөн кийин Япониянын башка бир өкмөт башчысы Орто Азияга иш сапары менен келип олтурат.
Япониянын Орто Азияга болгон кызыгуусу негизинен аймактагы кен байлыктардан улам десек жаңылышпайбыз. Мындан сырткары Япония акыркы жылдары аймактын стратегиялык маанисин да жакшылап түшүнүп калгандай сезилет. Бирок акыркы 24 жыл аралыгында Япония аймакта Орусия менен Кытайдын астына оозуп чыга алган жок. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин бул иш сапары Япониянын аймактагы позициясын чыңдоосуна өбөлгө боло турган жаңы иш-аракеттерге жол ачышы толук ыктымал.
Кадырлуу окурмандар, ушуну менен бүгүнкү уктуруубуз соңуна чыкты. Программаны обого даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар