Евразияга сереп салуу-84

ТҮРКМӨНСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ БЕРДИМУХАММЕДОВДУН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА ЖАСАГАН ИШ САПАРЫ.

331682
Евразияга сереп салуу-84

Урматтуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Түркмөнстандын президенти Бердимухаммедовдун Кыргыз Республикасына жасаган расмий иш сапары тууралуу сөз кылабыз.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов үстүбүздөгү жылдын 5-7-август күндөрү Кыргызстанда расмий иш сапары менен болду. Бул иш сапары Түркмөнстан президентинин Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий иш сапары катары чоң мааниге ээ.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовду «Манас» Эл аралык аэропортунан тосуп алды. Мамлекет башчылары аэропорттон «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти.
Мамлекеттик визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүрүгүзүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, газ-транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-түркмөн кызматташуусу талкууланды. Жолугушууда тараптар Түркмөнстандын президентинин визитинин Кыргызстан менен Түркмөнстандын эки тараптуу мамилелелерин өнүктүрүүгө жана арттырууга чоң түрткү берээрине ишенимин билдиришти.
Жолугушууда сөз сүйлөгөн Гурбангулы Бердымухамедов кыргыз-түркмөн Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин ийгиликтүү башталганын, биринчи жарым жылдыкта товар жүгүртүүнүн 50% га жеткенин билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу 15 документке кол коюлду. Аземдин жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев жана Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Кол коюлган документтер эки өлкөнүн арасында билим берүү, саламаттык сактоо, эл аралык мамилелер, маданият жана туризм, айыл чарба, регионалдык кызматташуу, спорт жана соода тармактарында кызматташууну чыңдамакчы.
Эки өлкө президенттери сүйлөшүүлөр аяктаган соң басма сөз үчүн билдирүү жасашты. Президент Алмазбек Атамбаев «Президенттин мамлекеттик визити – бул Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы мамилелердин жаңы этабы», - деди. Атамбаев Бердымухамедовдун Түркмөнстандын тийиштүү мамлекеттик органдарына Ысык-Көл областында беш жылдыздуу мейманкананы куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча тапшырмасын бергендигин айтты. Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов болсо, Кыргызстан менен Түркмөнстан соода-экономикалык, отун-энергетикалык, транспорт жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун тереңдешине кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Атамбаев Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду 7-август күнү «Манас» Эл аралык аэропортунан узатты.
Кыргызстан менен Түркмөнстандын өз ара мамилелери 1992-жылы түзүлгөнүнө карабастан, жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарлары акыркы жылдары гана жасала баштады. 2014-жылдын 11-ноябрында Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга расмий иш сапары менен барды. Бердимухаммедов алгачкы жолу Бишкекке 2007-жылы Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин кадырлуу мейманы катары келген болчу. Бердимухаммедовдун Түрмөнстандын президенти катары Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий иш сапары эки тараптуу мамилелерди жогорку деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү.
Бишкектеги жолугушуулардын натыйжасында Кыргызстанда Түркмөнстандын элчилигин ачуу чечими кабыл алынды. Түркмөнстандан Кытайга жете турган темир жол жана газ түтүгү долбоорлоруна Кыргызстандын катышууга кызыкдар экендиги билдирилди. Келечекте Түркмөнстандын Кыргызстанга төмөн баа менен электр энергиясын берүүгө даяр экендиги белгилүү болду. Албетте муну ишке ашыруу үчүн Өзбекстандын макулдугу керек.
Түркмөнстандын президенти Кыргызстанга келээрден бир күн мурда Бишкекте «Кыргыз-түркмөн ишкерлер форуму» өткөрүлдү. Эки өлкөнүн соода мамилелери жогорку деңгээлде болбогондугу жана бюрократиялык тоскоолдуктар жеңилдетилсе бул тармакта дагы жандануу болоору ишкерлер тарабынан баса белгиленди.
Бердимухаммедовдун иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын Балкан велаяты менен Кыргызстандын Ысык Көл облусу, Түркмөнстандын Ахал велаяты менен Кыргызстандын Баткен облусунун кызматташа тургандыгы белгилүү болду. Түркмөнстандын Ысык Көл облусунда беш жылдыздуу мейманкана куруу сунушу эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташуусунун алгачкы кадамы болуп саналат. Кыргызстан-Түркмөнстан мамилелери өнүгүү жолунда баратат десек болот.
Кадырлуу окурмандар, ушуну менен программабыздын бүгүнкү чыгарылышы соңуна чыкты. Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар