Евразияга сереп салуу-83

ТҮРКИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЭРДОГАНДЫН КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНА ЖАСАГАН ИШ САПАРЫ.

322943
Евразияга сереп салуу-83

Урматтуу окурмандар! Cиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасын угуп жатасыздар. Бүгүнкү уктуруубузда Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Кытай Эл Республикасына жасаган расмий иш сапары тууралуу сөз кылабыз.
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча 28-30-июль күндөрү Кытайга расмий иш сапар жасады. Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганды Кытайга Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбекчи, энергетика жана табигый ресурстар министри Танер Йылдыз, транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Феридун Билгин жана саламаттыкты сактоо министри Мехмет Мүеззиноглу коштоп барды. Эрдоганды коштоп барган делегацияда жүздөн ашуун түрк ишкер да болду. Бул иш сапар Эрдогандын Кытай Эл Республикасына президент катары жасаган алгачкы, жалпысынан алганда үчүнчү расмий иш сапары эле.
Түркиянын президентинин Кытайга жасаган иш сапарынын күн тартибинде эки өлкөнүн экономикалык мамилелери, аба чабуулдарынан коргоочу система жана уйгур маселеси турду. Президенттин иш сапарынын акыркы күнүндө «Түрк-кытай ишкерлер форуму» өткөрүлдү.
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганды Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин салтанаттуу азем менен тосуп алды. Салтанаттуу аземден кийин эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү. Бул жолугушууда Си Цзиньпин эки өлкөнүн стратегиялык кызматташуусунун маанилүү экендигин баса белгилеп, эки тараптуу кызматташтыктын өнүктүрүлүшү үчүн саясий ишенимдин пайдубалын чыңдоо керектигин айтты. Кытай Эл Республикасынын Вице-премьер министри Заң Миңдин билдиргени боюнча, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган жолугушууда «Чыгыш Түркстан ислам кыймылын» террордук уюм деп эсептээрин билдирип: «Түркияда Кытайдын мамлекеттик кызыкчылыктарына жана коопсуздугуна каршы жасала турган иш-чараларга жол берилбейт»,- деген.
Жолугушуудан кийин Улуу Калк сарайында эки өлкөнүн президенттеринин катышуусу менен келишим жана меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Бул аземде «Түркия Республикасынын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Вице-премьер министрлери деңгээлинде кызматташтык комитетинин уюштурулушу боюнча меморандумга» кол коюлду. Мындан сырткары «Түркия Республикасынын өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда инвестициялардын эки тараптуу корголушу жана ага колдоо көрсөтүү боюнча келишимге» жана «Экономикалык жана соода кызматташтыгы үчүн орто жана узак мөөнөттүү өнүгүү планына» тиешелүү министрлер кол коюшту.
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган расмий иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Өкмөт Башчысы Ли Кегиаң жана Улуттук Калк Конгрессинин Төрагасы Заң Дежиаң менен жолугушту. Бул жолугушуулар Улуттук Калк Конгрессинин имаратында жабык эшик аркасында өттү. Эрдоган мындан сырткары «Кытай ислам жамаатынын» өкүлдөрү менен да жолугушту.
Расмий иш сапардын экинчи күнү эки өлкөнүн президенттеринин катышуусу менен «Түрк-кытай ишкерлер форуму» өткөрүлдү. Форумдагы өз сөзүндө Эрдоган эки өлкөнүн соода мамилелеринин тең салмактуу жана жеткиликтүү эместигин айтты. Ошондой эле ал Түрк-кытай биргелешкен университетинин ачылышына аябай маани берээрин, «Түрк аба жолдору» компаниясынын Кытайга жасаган учак сапарларынын көбөйтүлөөрүн жана эки тараптуу соодада улуттук валютанын колдонулушу керек экендигин билдирди. «Түрк-кытай ишкерлер форумуна» төрт жүздөн ашуун ишкер катышты.
Түркия-Кытай дипломатиялык мамилелери 1971-жылы түзүлгөн. Эки тараптуу кызматташтык акыркы 10 жылда аябай өнүктү. 2010-жылы эки өлкөнүн мамилелери стратегиялык кызматташтык даражасына көтөрүлдү. 2014-жылдагы статистикалык маалыматтарга таянсак, Түркия менен Кытайдын ортосундагы соода- сатыктын көлөмү 28 миллиард долларга жеткен. Кытайдын демилгеси менен түзүлгөн «Азия» инфраструктуралык инвестиция банкын Түркия колдоду. Эки өлкөнүн жибек жолу боюнча пикирлери жана долбоорлору жалпы жонунан окшошуп кетет.
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Кытай Эл Республикасына жасаган иш сапары эки өлкөнүн мамилелеринин пайдубалынын бекемделгенин көрсөттү. Мисалы, уйгур маселеси боюнча эки өлкөнүн кайчы пикирде болуусу алардын бири-бирине жогорку деңгээлдеги сапарларды жасашына тоскоол болбой калды. Уйгурлардын көйгөйлөрүнүн түп-тамырынан чечилиши үчүн уйгурлар эки өлкөнүн мамилелеринде көпүрө милдетин аткарышы абзел.
Түркиянын Кытайдан сатып алуусу күтүлгөн аба чабуулдарынан коргоочу система боюнча расмий зыярат учурунда атайын билдирүү жасалган жок. Бул маселе кыска убакытта чечилбөөчүдөй көрүнөт.
Кадырлуу окурмандар, Түркия-Кытай мамилелери эки тарапка тең пайда алып келүү аркылуу өнүгө бермекчи. Ушуну менен программабыздын бүгүнкү чыгарылышы соңуна чыкты. Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар