Евразияга сереп салуу-82

БРИКС жыйыны.

305771
Евразияга сереп салуу-82

Урматтуу окурмандар! Cиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Уфа шаарында болуп өткөн БРИКС Саммити тууралуу сөз кылабыз.
Орусиянын Уфа шаарында болуп өткөн 7-БРИКС саммити «БРИКС мамлекеттеринин кызматташуусу глобалдык өнүгүүнүн күчтүү фактору»- деген ураан менен өткөрүлдү. 8-9-июль күндөрү Орусиянын президенти Владимир Путиндин эгедерлигинде өткөрүлгөн саммитке Бразилиянын президенти Дилма Русеф, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Кытай Эл Республикасынын жетекчиси Си Цзиньпин жана Түштүк Африка Республикасынын президенти Жейкоб Зума катышты.
Эки күнгө созулган саммиттин алгачкы күнүндө уюмга мүчө мамлекеттер жаңы өнүгүү банкынын иштеши боюнча келишимдерге кол коюшту. Банктын башкаруу кеңешинин төрагалыгына Орусиянын каржы министри Антон Силуанов, банктын аткаруучу директору кызматына индиялык Кундапур Ваман Камат шайланды. Журналисттерге маалымат берген Камат, банктын алгачкы алты ай ичинде кабыл ала турган долбоорлорунун инфраструктура жаатында боло тургандыгын, 2016-жылдын апрель айынан баштап алгачкы кредиттердин бериле баштаарын билдирди.
БРИКС уюмуна мүчө мамлекеттердин улуттук банктары 100 миллиард доллардан турган куткаруу фондун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Орусиянын улуттук банкы, бул фонддун негизги максатынын БРИКС уюмуна мүчө мамлекеттердеги валюталарды ар кыл соккулардан коргоо экендигин жарыялады. Орусиянын улуттук банкынын төрайымы Эльвира Набиулинна куткаруу фондунун 30-июлдан баштап иштей баштаарын билдирди.
Саммиттин экинчи күнү лидерлердин жыйыны болуп өттү. Саммитте сөз сүйлөгөн Путин, «иш дүйнөсү менен жолугушуулар уюштурдук. 50 долбоордон турган иш планынын даярдалышын сунуштадык. Бул долбоорлор арасында энергетика биримдиги, эл аралык энергетика изилдөө борбору жана ээритип куюу өнөр жай биримдигинин курулушу да бар»,-деди. Путин мындан сырткары Индия менен Түштүк Африкага Орусия менен эки тараптуу соода кызматташтыгында улуттук валютаны колдонуу сунушун киргизди. Бразилиянын президенти Дилма Русеф, БРИКСтин Эл аралык Валюта Фонду сыяктуу эл аралык уюмдардагы басымдуулугунун арттырылышы керек экендигин билдирди. Русеф: «БРИКСтин эл аралык уюмдардагы аброюн көтөрүү биринчи милдетибиз болуш керек. Кийинки жылы боло турган саммитте бул маселе үстүндө иштешибиз керек»,- деди. Саммитте сөз сүйлөгөн Си Цзиньпин болсо БРИКС уюмуна мүчө мамлекеттер ортосунда маалымат алмашуу жаатында кызматташууну чыңдоо керек экендигин билдирди.
Лидерлер жыйын соңунда 77 пункттан турган 50 барактык орток декларацияга кол коюшту. Андан соң саммитке келген 1700 массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө брифинг берилди.
Саммиттин орток декларациясындагы кээ бир маанилүү пункттар төмөнкүдөй; Лидерлер Сирия бийлиги менен оппозициясынын Москвада кайрадан чогулуу пикирин колдошоорун билдиришти. ДЕАШ жана Эл нусра сыяктуу террордук уюмдардын Жакынкы Чыгыштагы кыймыл аракеттерин жаратпаарын, Украина кризисинин Минск келишими алкагында чечилишин билдиришти. БРИКС 2015 декларациясында лидерлер энергетика булактарынын түрүн арттыруу жана узак убакытка энергетика ташуу маселесинде бири-бирине көмөк көрсөтүшөөрүн баса белгилешти.
9-июль күнү кечинде БРИКС жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлери үчүн сый тамак берилди. Кечеде сөз сүйлөгөн Путин БРИКС, Шанхай Кызматташтык Уюму жана Евразия Экономикалык Кызматташтыгы уюмдарына мүчө мамлекеттердин экономикалык секирик жасоо үчүн күчтөрүн, булактарын жана базарларын бириктириши керек экендигин билдирди.
Орусиянын эгедерлигинде өткөрүлгөн БРИКС саммити уюмга мүчө мамлекеттердин максаттары багытында ишенимдүү кадамдарды таштап жатканын дагы бир жолу көрсөттү. Уюмдун өнүгүү банкы кийинки жылы иштей баштамакчы. Көп полярдуу дүйнө системасынын курулушун жактаган жана азыркы дүйнө системасынын адилеттүү эмес экендигин билдирген БРИКСке мүчө мамлекеттер регионалдык кызматташтыкка да аябай маани беришүүдө. Өткөн жылы Бразилияда Латын Америка өлкөлөрү менен жолугушкан БРИКС лидерлери, быйыл Шанхай Кызматташтык Уюму жана Евразия Экономикалык Кызматташтыгы уюмдарына мүчө мамлекеттердин лидерлери менен көрүшүштү. Уфада болуп өткөн саммитти максатына жетти деп айта алабыз.
Кадырлуу угармандар, ушуну менен бүгүнкү уктуруубуз соңуна чыкты. Программаны обого даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар