Евразияга сереп салуу-46

Түркмөнстандын тышкы саясаты "Евразияга сереп салуу" программасында.

199863
Евразияга сереп салуу-46

Урматтуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Түркмөнстандын тышкы саясаты тууралуу сөз кылабыз.

Орто Азиянын киришинде жайгашкан жана бейтарап тышкы саясат жүргүзгөн Түркмөнстандын эл аралык аренадагы активдүү тышкы саясаты көңүл чордонунда. Түркмөнстан табигый байлыктарын тышка сатуу үчүн регионалдык уюшумдар жана Евразиядагы кызыкдар мамлекеттер менен жогорку деңгээлде мамиле кылып келүүдө. Алгач Түркмөнстан лидеринин акыркы убактардагы кээ бир маанилүү сапарлары тууралуу маалымат бере кетели.
Түркмөн лидери 2014-жылдын 4-5-апрелинде Бодрумда болуп өткөн Түрк Кеңеши 4-саммитине конок мамлекет башчысы катары катышты. Түркмөнстандын саммитке катышуусунда Бердимухаммедов менен Абдуллах Гүлдүн жеке достук мамилелери да маанилүү роль ойноду. Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүл бул кызматта турган мезгилинде Түркмөнстанга алты жолу иш-сапары менен барды. Түркмөн лидери да бул учурда Түркияга беш жолу келип кеткенге жетишти.
Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Жандос Асанов журналисттерге: «Мен жакынкы келечекте Өзбекстан менен Түркмөнстан ТүркПА жана башка түрк биримдиги уюмдарына кирет деп ойлойм»,-деп билдирди.
Түркмөнстан Президенти Бердимухаммедов Кытайдын Шанхай шаарында 20-21-май күндөрү болуп өткөн Азияда өз ара кызматташуу жана ишеним орнотуу кеңешмесинин мамлекет жана өкмөт башчыларынын 4-саммитине катышты. Саммиттин алкагында Кытай менен Түркмөнстандын ортосунда «стратегиялык кызматташтык» келишимине кол коюлду. Кытайдын Түркмөнстандагы инвестициясы 20 миллиард доллардан ашты.
Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери үстүбүздөгү жылдын 26-майында Бакуда алгачкы жолу үч тараптуу жыйын өткөрүштү. Жыйындын соңунда «Баку декларациясы» кабыл алынды. Кийинки жолугушуунун 2014-жылдын экинчи жарымында Ашхабадда өткөрүлө тургандыгы билдирилди. Бул жыйындардын натыйжасында Баку менен Ашхабаддын ортосунда чечилбей келген Сердар (Кепез) маселесинин кыска убакытта чечилишин каалайбыз.
Бердимухаммедов 2014-жылдын 11-октябрында Минск шаарында болуп өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммитине катышты. Түркмөнстан Орусиянын лидерлигинде түзүлгөн уюмдардын көпчүлүгүнө мүчө болбогонуна карабастан, бул уюмдарга мүчө мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерин жакшы жүргүзүп келүүдө. Түркмөнстан мындан сырткары Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун жыйындарына да конок мамлекет катары катышып келе жатат.
Түркмөнстандын тышкы иштер министри Мередов Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Орто Азия жана чөйрөсүндөгү мамлекеттер үчүн туруктуу механизмдердин түзүлүүсүн суранды. Тынчтык жана кызматташтык форуму, куралсыздануу боюнча эл аралык симпозиум сыяктуу жыйындарды Түркмөнстанда өткөрүүнү сунуш кылды.
Өзбекстандын президенти Каримов 2014-жылдын 24-октябрында Түркмөнстанга расмий иш-сапарын жасады. Түркиянын жаңы шайланган президенти Эрдоган Орто Азия аймагына болгон алгачкы расмий иш-сапарын 2014-жылдын 7-ноябрында Түркмөнстанга жасады. Кыргызстандын президенти Атамбаевдин жакынкы күндөрдө Түркмөнстанга иш-сапары менен бара тургандыгы билдирилди.
Дүйнөлүк банк Түркмөнстанда өкүлчүлүк ачууну пландоодо. Бул боюнча келишимге 2-ноябрь күнү Ашкабатта кол коюлду.
ТҮРКСОЙдун 31-Саммитинде кабыл алынган чечимге ылайык «2014-жыл - түркмөн ойчулу, акын Махтумкулу Фираки жылы» деп жарыяланган. Кийинки жылы Түркмөнстандын Мерв шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору наамын алып, бул шаарда бир катар иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

1995-жылдын 12-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында «Түркмөнстандын бейтараптуулугу тууралуу» мыйзам кабыл алынган. Түркмөнстан ушул 20 жылдын ичинде «активдүү бейтараптуулук» жана «ачык эшик» тышкы саясатын жигердүү жүргүзүү аркылуу өлкөсүнө ири инвестицияларды тартуу менен бирге Түркмөнстандын эл аралык аренадагы аброюн да жогорулатууга жетишти.
Түркмөнстан 2013-2017-жылдары үчүн жаңы тышкы саясат концепциясын кабыл алды. Бул концепцияга карап Түркмөнстандын мындан ары эл аралык аренада активдүү боло турганын айта кетсек ашыкча болбос. Түркмөнстандын экономика жаатында жасоону пландаган иштери мамлекетти автивдүү тышкы саясат жүргүзүүгө мажбур кылууда.
Түркмөнстан жибек жолунун кайрадан жанданышы үчүн улуттук жана эл аралык кургактык жана темир жолдорун өнүктүрүүдө. Түркмөнстанды Ирандын Бендер Аббас портуна туташтырган Түндүк-түштүк темир жолу бүтөйүн деп калды. Түркмөнстан-Афганистан-Тажикстан темир жолу курулуп жатат. Ашкабатта ири эл аралык аэропорт курулууда. Түркмөнстан Иран менен Афганистанга электр энергиясын сатууну көбөйттү.
30 триллион метр куб табигый газ резерви болгон Түркмөнстан Кытайга жылына 30 миллиард метр куб табигый газ сатууда. Жакынкы жылдарда мунун көлөмү 65 миллиард метр кубка жете турганы айтылууда. Бердимухаммедов түркмөн табигый газын Индия океанына жеткире турган Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан-Индия долбоорунун 2015-жылы баштала тургандыгын билдирди.
Түркмөнстан экономикадагы ийгиликтерин мындан ары да өнүктүрүү үчүн алгач түрк тектүү мамлекеттердин эл аралык уюмдары менен, андан кийин эл аралык аренада активдүү тышкы саясат жүргүзүүнү улантуусу шарт. Түркмөн бийлиги мындан сырткары өлкө ичинде адам укуктары, демократия, калктын жыргалчылыгы сыяктуу маселелерде да экономика жаатында жетишкен ийгиликтерин кайталоосу керек.
Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар