Ататүрктү эскерүү жумалыгы

Ататүрктү эскерүү жумалыгы бүтүндөй өлкөдө белгиленүүдө.

187361
Ататүрктү эскерүү жумалыгы

Урматтуу окурмандар, Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 76-жылы. 10-ноябрь Ататүрктү эскерүү жумалыгынын себебинен биз даярдаган атайын программа.
Түрк улуту өркөнү өскөн Түркиянын куруучусу, өлбөс лидери Ататүрккө берилгенин ар бир 10-ноябрда болгонундай эле быйыл өлүм күнүндө да эң терең сезимдери менен билдирет.
Калкыбызга толук көз каранды эместик, лаик, демократиялык, заманбап мамлекетти тартуу кылган улуу көсөм Ататүрк бизге адамзатка үлгү болгон жетекчи чыгаргандын сыймыгын жашатты. Ал жана аны менен чогуу курал кармаган жолдошторунун жана улутубуздун миңдеген кыйынчылыктар менен курган республикасында эч кимге көз каранды болбой жашоонун сыймыгын алып жүрөбүз.
Ататүрк алдын ала көрө билген саясатчы, мамлекеттик ишмер жана улуу төңкөрүшчү болгон. Өз генийлиги менен ишке ашырган төңкөрүштөрү, түрк улутунун заманбап цивилизация деңгээлине жетишине мүмкүнчүлүк берди. Жапжаңы мамлекет болгон Түркия Республикасы анын жетекчилигинде өнүгө алды.
Улуу Ататүрк өзү милдетин алган тарыхый жоопкерчилик менен түрк улутунун тагдырынын жана тарыхынын агымын өзгөрткөн, дүйнөнүн кайрадан калыптандырылышында стратегиялык роль ойногон. Жашап жатканда болгондой эле өлгөндөн кийин да адамзатка пикир булагы болуусун улантууда.
Кезинде бүтүндөй Европа диктаторлук менен башкарылып жатканда анын максаты демократия болгон. Ошол себептүү ал замандаштары тарыхтан алда качан өчкөн кезде ал өчпөс эстелиги менен жашап жатат. Империалист күчтөргө каршы күрөшкөн күрөшү жана заманбапташуу аракеттери менен башка улуттарга да жол көрсөткөн Ататүрк; идеясы, оңчулдугу, жашоосу, ар тармакта көрсөткөн ийгиликтери, тынчтыкчыл пикирлери менен тарыхка тамга баскан жана ушул себеп менен жетиден жетимиш жашка чейинки ар бир түрк атуулунун сыймыгы.
Улуу көсөм Ататүрк баскынчы күчтөрдү жок кылып, түрк улутун жок болуудан куткаруу үчүн элди бир максат айланасына топтой алган жана заманбап мамлекет куруу аркылуу бул улутту келечеги кең турмушка багыттай алган.
Республика баш болгон бардык жеңиштерин түрк улутуна арнаган улуу жол башчы, коомдун өнүгүү жана заманбапташуу багытында түрк дүйнөсүнүн ойгонушун да көргөн. Ушул багытта эң туура жолдорду тандап ишке ашырган.
Ататүрк эч нерсени мүмкүн эмес деп эсептеген эмес. Элин жакшы билген, тааныган жана ишенген лидер катары анын өнүгүшү жана жыргалчылыгы үчүн эч нерсесин аяган да эмес.
Түрк улуту Ататүрктү эч качан унутпайт. Элибиз анын принцип жана төңкөрүштөрүнө ар кандай шарттарда ээлик кылат. Максаттарына жетиш үчүн келечек муундарга керээзи болгон «Осуятын» көрсөтмө кылып алат. Бул осуятында улуу көсөм мындай деген: «Эй Түрк жаштары! Биринчи милдетиң түрк төңкөрүшүн, Түркия Республикасын түбөлүккө сактоо. Жашашыңдын жана келечегиңдин башкы негизи ушул. Бул негиз сенин эң кымбат казынаң!»
Улуу Ататүрктүн арабыздан ажырашынын 76-жылында дагы бир жолу урматтоо менен таазим кылып эскеребиз.
10-ноябрь Ататүрктү эскерүү жумалыгына арнап даярдаган атайын программабызды окудуңуздар.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар