Евразияга сереп салуу-43

Каспий деңизинин келечеги, Евразияга сереп салууда.

171993
Евразияга сереп салуу-43


Урматтуу окурмандар. Бул программада «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Астрахан шаарында болуп өткөн Каспий саммити жана Каспий деңизинин келечеги тууралуу сөз кылабыз.
Каспий деңизинин айланасында жайгашкан Орусия, Азербайжан, Иран, Түркмөнстан жана Казакстандын мамлекет башчылары 29-сентябрь күнү Астрахан шаарында 4-Каспий саммитинде жолугушушту. Саммитте Каспий деңизи менен жээктеш мамлекеттердин кызматташуусу боюнча келишимге кол коюлду. Кол коюлган келишимге ылайык мындан ары Каспийге жээктеш мамлекеттер эгемен болгон аянты 15 миль, өзгөчө балыкчылык аймагы болсо 10 миль болот. Деңиздин калган аймагы биргелеше колдонулат. Деңиздин калган аймагы боюнча тактоолор кийинки жылы Казакстанда боло турган саммитте каралат.
Каспий деңизинде чет элдик аскердик күчтөрдүн жайгаштырылбоосу беренеси кол коюлган келишимдин эң маанилүү беренеси болду десек болот. Бул келишим Каспий боюнча акыркы 23 жылда макулдашууга жетишилген эң маанилүү келишим болду. Каспий деңизинин маселелери мындан ары Астраханда кабыл алынган келишимдин негизинде такталмакчы.
Саммитте мындан сырткары өзгөчө кырдаалдарда жардамдашуу, экология жана метеорология (синоптика) тармагында кызматташуу боюнча келишимдерге да кол коюлду. Мамлекеттердин лидерлеринин арасында эки тараптуу жолугушуулар да болду.
Астрахандагы саммитте Каспий деңизинин келечегине байланыштуу маанилүү чечимдер кабыл алынганы менен чечиле турган көптөгөн маселелер бар. Каспийдин түбү жана бетиндеги чек аралардын такталышы, мунай жана газ байлыктарынын бөлүштүрүлүшү, деңиздин астынан өткөрүлүшү пландалган түтүктөрдүн келечеги чечилүүнү күткөн эң маанилүү маселелердин негизгилери болуп саналат.
Орусия, Азербайжан жана Казакстан Каспий деңизинин түбүнүн бөлүнүшү боюнча мунасага келишкен. Бирок бул маселе боюнча Иран менен Түркмөнстандын позициялары башкача. Москва деңиз бетинин мамлекеттерге тиешелүү аймактарга бөлүнүшү керек экендигин жактап келет. Алардын пикири боюнча, ар бир өлкөнүн 25 мил өздүк аймагы болуп деңиздин калган бөлүгү биргелеше колдонулушу керек жана ал аймактан өтө турган түтүкчөлөр үчүн бардык беш өлкөнүн уруксаты алынышы шарт.
Иран болсо көбүрөөк деңиз жана газ байлыгына ээ болуу үчүн Каспийдин беш мамлекет ортосунда бирдей бөлүнүшү керек экендигин жактап келүүдө. Азербайжан менен Түркмөнстандын ортосунда болсо Кепез (Сердар) табигый газ кени боюнча келишпестиктер бар.
Каспий деңизинде 48 миллиард баррель мунай зат жана 8.2 триллион метр куб табигый газ бар экендиги такталган. Мындан сырткары Каспийде газ менен мунай зат сыяктуу маанилүү жана алардан да кымбат кара икра берген балык түрлөрү бар. Дүйнөдөгү осетр балыктарынын 90 пайызы Каспийде жашайт. Каспий деңизинин стратегиялык орду аябай чоң.
Урматтуу окурмандар, 18-кылымда Пётр I жылуу деңиздерге жетүү максатында түштүктү көздөй сапар жасап Каспий чөйрөсүн басып алган. Ошол мезгилде эле Каспийдин байлыктары жакшы белгилүү болчу. Падышалык Орусия жана Советтер Союзу мезгилинде Каспий деңизи орустар менен ирандыктардын ортосунда бөлүшүлүп колдонулду. Эки мамлекеттин ортосунда Каспийдин колдонулушу боюнча 1813, 1828, 1921 жана 1940-жылдары келишимдер түзүлдү.
Советтер Союзу таркагандан кийин Каспийдин жээгиндеги мамлекеттердин саны бешке чыгып, бул мамлекеттердин ортосунда келишпестиктер пайда болду. Азербайжан менен Казакстан 1994-жылы Каспийден мунай зат жана табигый газ чыгарууга бел байлашканда Орусия буга каршы чыкты. Каспийге жээктеш мамлекеттер 1996-жылы Каспий деңизинин статусун тактоо үчүн атайын комиссия курушту. Бул комиссия буга чейин 30дан ашуун жолугушуу өткөрдү. Комиссиянын маселелерди чече албашы белгилүү болгон соң, өлкө лидерлеринин жыйындары өткөрүлө баштады. 1-Каспий саммити 2002-жылы Ашхабадда, экинчиси андан беш жылдан кийин Тегеранда, үчүнчүсү 2010-жылы Бакуда өткөн болчу. Каспийдин маселелерин өлкө лидерлеринин катышуусу аркылуу чечүү пикири туура пикир болгондугун 4-Каспий саммитинде кол коюлган келишимдерге карап айтсак болот. Ошондой эле буга чейин жогорудагы беш мамлекеттин ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдер да маселенин чечиле башталышында маанилүү роль ойноду десек жаңылышпайбыз.
Акыркы жылдары Сирия, Ирак жана Украинада болуп жаткан окуялар Каспийге жээктеш өлкө лидерлеринин Каспий боюнча позицияларын жакындаштырды. Каспий бештиги жогорудагы өлкөлөрдөгү маселелердин Каспийге жээктеш мамлекеттерге келишин албетте каалашпайт. Лидерлер ушундан улам чыгып кетиши ыктымал болгон келишпестиктердин алдын алуу үчүн «Каспий деңизинде чет элдик аскердик күчтөрдүн жайгаштырылбоосу» боюнча келишимге кол коюшту. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой эле, 2004-жылы НАТОнун алкагында «Каспийди коргоо программасы» кабыл алынган болчу. «Каспий деңизинде чет элдик аскердик күчтөрдүн жайгаштырылбоосу» беренеси Каспийдеги жарышып куралданууну да акырындатат деп ойлойбуз.
Каспий деңизине жээктеш мамлекеттердин калкынын саны 250 миллиондон көп. Ушундан улам аймактын геостратегиялык мааниси да зор. Тилегибиз Астраханда кол коюлган келишимде баса белгиленгендей Каспий деңизинин келечегинин 2015-жылы боло турган саммитте оң түрдө чечилиши.
Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар