Евразияга сереп салуу-35

Ислам Каримовдун Кытай Эл Республикасына жасаган расмий иш сапары.

110612
Евразияга сереп салуу-35

Урматтуу окурмандар. «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун Кытай Эл Республикасына жасаган расмий иш сапары тууралуу сөз кылабыз.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 19-августта Кытай Эл Республикасынын Президенти Си Цзинпиндин чакыруусу менен Кытайга барды. 2 күнгө созулган бул иш сапар Каримовдун Кытайга жасаган 13-сапары болду. Каримовдун бул иш сапарын, Өзбекстан багымсыз, тараптар менен бирдей мамиледеги ырааттуу тышкы саясат жүргүзгөнгө аракет кылып жатат деп божомолдосок болчудай. Кытай болсо акырындап Орто Азиядагы таасирин арттырууда.
Каримов расмий иш сапарынын алгачкы күнүндө Кытайдын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын натыйжасында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн 2014-2018-жылдары жасала турган иш-чаралардын программасын жактырышты. Орток декларация кабыл алышты. 6 миллиард доллар көлөмүндөгү 22 келишимге кол коюлду. Эки өлкө мындан ары эки тараптуу соода алакаларында доллардын ордуна юань колдонуу боюнча да макулдашышты.
Өзбекстандын президенттик аппаратынын басма сөз кызматы бул иш сапардын негизги максатынын эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү күчтөндүрүү экендигин билдирди. Си Цзинпиндин өткөн жылдын сентябрь айында Өзбекстанга жасаган расмий иш сапарында эки өлкө мамилелеринин стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкканын жарыя кылышкан болчу. Ошол иш сапарда эки өлкө ортосунда 15 миллиард доллар көлөмүндөгү 31 келишимге кол коюлган эле.
Кытайдын Орто Азияда ишке ашырууну пландаган экономикалык долбоорлоруна Өзбекстандын президентинин толук колдоо көрсөтө тургандыгын билдиргендиги Пекинде белгилүү болду. Эскерте кете турган болсок, Кытайдын Орто Азия аймагында ишке ашырууну пландаган «Экономикалык Жибек жолу алкагы», «Кытай-Борбордук Азия табигый газ линиясы», «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору» жана Шанхай Кызматташтык Уюму алкагында ачууну пландаган инвестициялык банк долбоорлору бар. Азыркы күндө Өзбекстанда эки өлкө ишкерлери тарабынан биргелешип курулган 482 ишкана иштеп жатат. Кытай менен Өзбекстандын 2013-жылдагы соода алакасы 5.2 миллиард долларды түзгөн.
Ислам Каримов иш сапарынын экинчи күнүндө Кытайдын Шэньси аймагында жайгашкан тарыхый Сиань шаарын зыярат кылды. Жергиликтүү жетекчилер менен жолугушту. Тарыхый шаарды кыдырды. Самаркант менен Сиань шаарларынын боордош шаар болушу боюнча макулдашышты. Акыркы жылдары Кытай менен Өзбекстандын ортосунда маданий кызматташтык өнүгүүдө. Кытайдын Пекин жана Сиань шаарларында 2011-жылы Өзбекстандын маданий күндөрү өткөрүлгөн. 2012-жылы болсо Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларында Кытайдын маданий күндөрү белгиленген.
Кытайдын аймактагы билим берүү жаатындагы саясатында Өзбекстандын өзгөчө бир орду бар. Өзбек серепчилер Кыргызстан, Казахстан жана Тажикстандагы «Кытай басып келе баштады» фобиясынын Өзбекстанда жок экендигин билдиришүүдө. Тил үйрөтүү багытында эки өлкө ортосунда мыкты кызматташтык курулган. Ташкенттеги «Конфуций» атындагы институтунда ар жылы 350 окуучу кытайча үйрөнүүдө. Институт 70 өзбек студентти Ланчжоу университетине окууларын улантуу үчүн жиберүүдө. Эки өлкө ортосунда «Конфуций» институтунун кеңселеринин Самарканд шаарында ачылышы боюнча келишимге өткөн жылы кол коюлган. Кытай өкмөтү Өзбекстандык жаштардын Кытайда билим алуусу үчүн бул жылы 120 орун бөлдү.
Кытай менен Өзбекстандын саясий позициялары да бири-бирине жакындоодо. Каримов Тайван жана Тибет маселелери боюнча Пекиндин позициясын колдогондугу белгилүү.
Манас аскердик базасын бошоткон Американын Өзбекстанда жаңы аскердик база ача турганы алигиче ишке аша элек. Россия Украина кризиси менен алектенүүдө. Ташкент болсо көп тараптуу тышкы саясатын чебердик менен ишке ашырууда. Башкача айтканда Өзбекстан Россия менен Кытай ортосунда экономикалык тең салмактуулукту куруу аркылуу пайда көрүүдө. Жакынкы келечекте Өзбекстан Америка жана Россия менен кызматташтыгын улантуу менен бирге Кытай менен да кызматташтыгын чыңдаган абалга келмекчи.
Орто Азия мамлекеттерине каалашынча насыя берүү аркылуу Кытай биринчи кезекте аймактын базарын колго алууну максат кылууда. Башкача айтканда Кытай арзан баадагы товарларын сатуу үчүн аймакта эркин экономикалык зоналардын курулушун каалоодо. Кытайдын азырынча адам укугу, демократия, башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү сыяктуу проблемалары болбогондуктан Орто Азия мамлекеттери менен оңой эле стратегиялык кызматташтык даражасында мамиле курууда.
Кытай Орто Азиядагы саясатын акырындап ишке ашырууда. Кытай экономикалык долбоорлорун астыга сүрөп аймакка кирди жана региондогу мамлекеттер менен оңой-олтоң бузулбай турган мамилелерди курду. Кытайдын аймактагы салмагы күн өткөн сайын артууда. Мисалы, Шанхай кызматташтык уюму тарабынан 24-29-августта Ички Монголияда өткөрүлгөн «Тынчтык миссиясы 2014» аскердик машыгууларына 5 миң аскер жиберди. Аскердик машыгууларга Россия 900, Кыргызстан 500, Казахстан 300, Тажикстан 200 аскер менен катышканын эске ала турган болсок, Кытай келечекте экономикадан башка тармактарда да региондо таасирдүү роль ойной тургандай шекилдүү.
Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар