Евразияга сереп салуу-32

Кайсы "Евразия?"-2

87542
Евразияга сереп салуу-32

Урматтуу угармандар. «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Түркиядагы «Евразия» түшүнүгү тууралуу сөз кылабыз.
Азия менен Европанын кесилишкен жеринде жайгашкан жана өзүн эки тарапка да тиешелүүмүн деп эсептеген Түркия үчүн «Евразия» термини жат эмес. Премьер-министр Эрдогандын акыркы жылдарда бул темада сүйлөгөн сөздөрүнө сереп салып Түркиянын Евразия аймагындагы эл аралык уюмдар менен кызматташууга кызыкдар экендигин айта алабыз. Евразия аймагына кызыгуу болгону менен Түркияда дагы бул термин боюнча такталган аныктаманын жок экендигин баса белгилей кеткенибиз оң. Негизинен Түркияда «Евразия» аймагы батыштын альтернативасы болгон бир аймак катары белгилүү. Алгач Түркияда «Евразия» терминине маанилеш түшүнүктөрдүн өтмүшүнө көз салалы. Муну жалпысынан 1990-жылга чейинки жана 1990-жылдан кийинки мезгилдер деп экиге бөлсөк болот.
Осмон империясынын акыркы жылдарында өлкөнүн келечеги интеллигенттер арасында кызуу талкууларды жараткан. Батышчылык, исламчылык, түркчүлүк жана осмончулук пикирлери талкууланганы менен Түркия Республикасы курулгандан кийин өлкө модель катары батышты тандап алды. Башкача айтканда өлкөдө батышчылык пикири кабыл алынды. Түркиядагы «евразиячылыктын» ошол мезгилдеги маанилеш түшүнүктөрү болгон түркчүлүк жана осмончулук арткы планда калды.
Москва жана Түркстанда ийгиликке жете албаган Энвер паша жана санаалаштары Түркия жүзүн чыгышка бурушу керек деп ойлошкон. Зия Гөкалптын «Кызыл алма» мүдөөсүн да ушул эле контекстте карасак болот.
Кийинчерээк империализмден запкы көргөн солчулдар чыгышка кызыга башташты. Ошол учурда «Евразия» катары Түркиянын чыгышындагы мамлекеттер эмес борбору Москва болгон СССР чөлкөмү билинген.
Түркия НАТОго мүчө болгондон кийин Советтик өлкөлөр Түркияны батыш блогундагы өлкө катары кабыл алышты. СССР таркаганга чейин абал ушул бойдон калды.
Советтер Союзу таркагандан кийин Түркия союздан бөлүнгөн эгемен мамлекеттерди таанып алар менен кызматташа баштады. «Түрк дүйнөсү» термини популярдуулукка айланды. Сулайман Демирелдин «Адриатиктен Кытай сепилине чейинки түрк дүйнөсү»- деген сөзү азыр да эсибизде. Түркиянын ошол учурдагы Коопсуздук кеңешинин жооптуу катчысы Тунжер Кылычтын чуулгандуу билдирүүсү кызуу талкуу жаратканы баарыбызга маалым. Түркиянын түрк дүйнөсү менен мамилелери эки тараптын кетирген каталарынан улам ийгиликке жетишкен жок. Бул ийгиликсиздикте «Түрк дүйнөсү», «Евразия» сыяктуу терминдерге жүктөлгөн маанилердеги баш аламандык да маанилүү болсо керек.
Россия кайрадан чыңала баштаганда Түркияда «Бул иштер Россиясыз болбойт экен» деген ишеним пайда болду. Түркия 2001-жылы Россия менен «Евразияда кызматташтык» планына кол койду. Бул жердеги «Евразия» эски СССР чөлкөмү үчүн колдонулган болчу.
Адилеттик жана өнүгүү партиясы бийликке келип бийликтеги позициясын күчтөндүргөндөн кийин көп жөндүү, борборунда Анкара турган тышкы саясат жасай тургандыгын көрсөтө баштады. Түркия Россия жана чыгышында жайгашкан башка мамлекеттер менен мамилелерин чыңдады. Евразия аймагы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын биринчи даражадагы кызматташтык кыла турган аймагы болбогону менен унутта калбай турган, мамилелер стратегиялык ортоктук даражасында болушу керек болгон аймак катары каралды. Евразия аймагы Тышкы иштер министри Давутоглунун «Афроевразия» аныктамасынын ичинде орун алды.
Түркияда улусалжылар, улутчулдар жана консерваторлордун өздөрүнүн «Евразия» аймагы түшүнүгү бар экендигине күбө болдук. Консерваторлордун Евразиясы Осмон империясынын мурдагы территориясы, улутчулдардын Евразиясы Туран аймагы, улусалжылардын Евразиясы болсо Россия жана Америкага каршы туруу менен чечмеленчүдөй. Түркиядагы «Евразия» түшүнүгү булар менен гана чектелип калбайт. Мисалга ала турган болсок, Стамбул университетинин Евразия институтунун территориялык изилдөө чеги Түркия, Жер Ортолук деңизи, Чыгыш Европа жана Балкан өлкөлөрү, Жакынкы Чыгыш, Кавказия жана Орто Азия мамлекеттеринен турат. Жогоруда белгилүү болгондой Түркияда да «Евразия» термининин так аныктамасы жок. Бул баш-аламандык Евразия аймагында күчтүү бир бирдик курулуп тарыхдагы ордун алганга чейин уланчудай.
Программаны обого даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар