Өзүн жаап алган Батыш, ааламдашкан дүйнө...

Глобалдык перспектива-38

1052900
Өзүн жаап алган Батыш, ааламдашкан дүйнө...

Өзүн жаап алган Батыш, ааламдашкан дүйнө...

1990-жылдардын башында жаш академик катары алгач ирет ааламдашуу тууралу уга баштагам. «Бул процесс Түркия баш болгон өнүгүп бара жаткан өлкөлөргө кандай таасир берет болду экен?» деп көп ойлоноор элем. Ааламдашууга карата кандай позицияда туруубуз керек эле? Канчалык колдоп, канчалык каршы чыгышыбыз керек эле?...

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Ушул жана ушуга окшогон териштирүүлөр кийинчерээк докторантура диссертациямды ушул темада жасоом менен натыйжаланды. Чынын айтканда башында мен либеритардык жана адамзатка пайдасы тие турган ааламдашуу көз карашына дагы жакын элем. Бирок диссертациямды жактаганда жарыяланган китебимдин темасы менин мамилемди ортого салып турду; «Татаалдык жана макулдук, ааламдашуулардын арасында Түркия» деп аталды. Ааламдашуу бир жактуу эмес, көп жактуу, бир багыттуу эмес, көп багыттуу, татаал жана кысым көрсөтүүчү жагы менен бирге мүмкүнчүлүк жана макулдук жагын да камтыган баш аламандуу процесстер тизмеги эле.

Ааламдашууга кечээки көз караш

Иштей баштаганымда Батыш ааламдашуунун чемпиондугун ишке ашырып жаткан эле. Товарлардын жана капиталдардын эркин жүгүртүлүүсүн, саясий чек аралардын функциясы азайганын, маанисин жоготконун жактап жаткан болчу. Атаандаштык, кызматташтык, бажылардын, квоталардын жоюлушу эң көп алдыңкы планга чыккан терминдер эле. Эл аралык мекемелер да көп коргоочулук болбогон, дагы ачык атаандашчыл, ачык дүйнө жаратуу аракетинде эле.

Мунун тескерисинче аз өнүккөн же өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдөн ааламдашууга каршы сын пикирлер айтылып жатты. Бул процесстин батыштык өлкөлөрдүн кызыкчылыгына иштегенин, коргонуучулуктун, бажылардын жоюлушунун, ачык, эркин жана атаандашчыл кызматташуунун дагы көп батыштык өлкөлөргө жана фирмаларга жарай турганына токтолуп жатышчу.  Бул саясаттар менен өздөрүнүн дагы да начарлай турганын, дагы аз атаандаша турганчалык абалга келе тургандарын кеп кылып жатышты.

Идеологиялык деңгээлде болсо глобалдашуунун капитализмдин жаңы версиясы болгонун, эксплутацияны дагы да арттыра турганын, бул максат менен улут мамлекеттердин күчтөн тайдырылгысы келгени айтылып жатты. Жасалышы керек болгон империалисттик ааламдашууга каршы акыркы баш калкалоочу жай болгон улут мамлекеттерди эч баш тартпастан жактоо болгону байма бай сөз кылынып жатты.

Реакциялар, алдыга эмес, артка карай багытталган, корголгон, каршылык көрсөткөн абалда эле. Ааламдашуу капитализмдин жаңы версиясы болсо, бул жаңы версияга капитализмдин мурдагы версиясы болгон улут мамлекет менен кантип каршы чыгыла турганы сынга алынып жатты.

Ишке ашкан абал

2020-жылга жакындаганда арадан орто эсеп менен 30 жыл өткөн соң, бүгүнкү күндө 1990-жылдардагы бул мамилелердин, коркуулардын канчалык ишке ашканын эми дагы оңой көрө алабыз.

Бүгүн келип жеткен жерде эми Батыш ааламдашуунун чемпиондугун кылган жери жок. Ааламдашуудан эң көп киреше тапкан өлкөлөр Батыш өлкөлөрү эмес. Ааламдашуудан жетиштүү түрдө киреше таба албагандары үчүн АКШ баш болгон батыштык өлкөлөр бүгүнкү күндө дээрлик 1990-жылдардагы өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн тезистерин жактап жатышат. Саясий чек аралардын жоюлушунан, эркин жүрүүдөн, атаандаштыктан, ачыктыктан дээрлик сөз кылбас болду. Өзгөчө АКШнын чет өлкөдөгү инвестицияларын артка чакырышы, дээрлик бардык өлкөлөргө каршы бажы дубалдарын жогорулатышы, квота коюшу ааламдашууга каршы саясаттардын так белгиси. 1990-жылдарда ЕБне мүчө өлкөлөрдүн улам арткан көчтөргө каршы саясий чек араларын коргош үчүн 10 миң кишилик армия курууну каалай турганын ким элестетип коюптур? АКШ жана ЕБ өлкөлөрү бүгүнкү күндө кудум эле улуттук саясаттарына кайткан абалда.

Буга карабастан ааламдашуу процессинен дагы көп киреше таап чыккан өлкөлөр 1990-жылдардын өнүгүп бара жаткан өлкөлөрү болушту. Кытай, Индия,Барзилия, Түркия сыяктуу өлкөлөр бул процессте дагы көп алдыга чыгышты. Кытай, Батышка каршы бүгүнкү күндө дагы көп ааламдашуу саясаттарын жактап жатат. Түркия 2000-жылдардан кийин ааламдашуу процессинде оюнун абдан жакшы ойноду. Дүйнө жүзү менен бүтүндөштү. Демократиялашуу жана эркиндик чегин жогорулатты. Өлкөдөгү камкорчулук режимден ашып өткөн сайын жана эркиндик аянттары кеңейген сайын өлкө экономикасы да өнүктү. 2000 доллар деңгээлиндеги киши башына түшкөн улуттук киреше бир канча эсе артты. Түркиянын батыш менен карым-катнаштарындагы чыңалуунун бир себеби да өнүккөн экономикалык деңгээли жана өзүнө ишенүүсүнөн улам «жок» деп айта алуусу. Түркияны көрө албастык болуп жатат.

Интеллигенттерибиз жаттаганын бузушу керек

Ал эми дагы деле Түркияда жана дүйнөдө айрым интеллигенттер 30 жылдык процессте ааламдашуу процесстеринин Батышта жана Батыштан тышкаркы коомчулуктарда кандай жыйынтыкталганын байкаган жери жок. 1990-жылдардагы жаттагандарын, окуусун улантууда.  Батыштын ааламдашуудан жетиштүү түрдө киреше таба албаганы үчүн барган сайын ызакорлошконун, ушул себептен өзүн жаап алган, коргонуучу саясаттарга айланганын, саясий чек араларга бүгүнкү күндө дагы чоң маани бергендерин же көрбөй жатышат же болбосо көргүсү келбей жатышат. Бүгүнкү күндө чек аралардын ачылуусун, ачыктык саясаттарын, капиталдын айлануусун батыштык өлкөлөр эмес, ааламдашуудан дагы көп киреше тапкан жогоруда санап өткөн өлкөлөр жасап жатышат.

Ааламдашуу процессинен шексиз өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдүн бардыгы бирдей деңгээлде пайда таба алган жок. Бул процесстерден зыян таап чыккан өлкөлөр да болушу мүмкүн. Анткени бул процесстер ар кимге бирдей мүмкүнчүлүк сунуштаган процесстер эмес. Менин айтайын дегеним жетиштүү түрдө мамиле кылмайынча бул процесстер, батыштык өлкөлөр менен кошо эч бир өлкөнү тынымсыз киреше тапкан же уттурган өлкө кылбайт. Ушул себептен чогултуучу эмес, аналитикалык, четке кагуучу же ийкемдүү эмес кайдыгер карабаган, жатка эмес териштирүүчү мамилени талап кылат. Керексиз реакция көрсөтүү эң көп реакция көрсөткөнгө зыянын тийгизет.

«Кечээки күн менен бүгүнкү ич кийим кургатылбайт» деген сонун сөз бар. Өзгөчө батыштан тышкаркы коомчулуктардагы интеллектуалдар, академиктер, бюрократтар, саясатчылар, мамлекеттик ишмерлер, ишкерлер жана карапайым адамдар акыркы 30 жылды карап чыгып дагы бир жолу ойлонуп көрүшү керек. Маалымат ылдам түрдө эскирген мезгилде, кечээкинин маалыматынын бүгүнкү күндү ачыктоого жетпей кала турганын билиши керек. «Кеңейүү, тыгыздык, ылдамдык жана таасир» терминдери менен аныкталган жана ылдам өзгөргөн ааламдашуу доорунда статик, токтоп калган, реакциячыл мамилелер, эртеңки күн мындай турсун, учурубузду дагы түшүнүүгө жетпей калат.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосу.

 

 

 

 


Этикеткалар: #Түркия , #ааламдашуу , #Батыш

Тектеш кабарлар