Жеңилүү психологиясы менен эмес, ишенимдүү позиция менен

Глобалдык перспектива-33

1032962
Жеңилүү психологиясы менен эмес, ишенимдүү позиция менен

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Жеңилүү психологиясы менен эмес, ишенимдүү позиция менен

Өткөн апталарда Батыш тууралуу үч түрдүү позицияны; ийкемдүүлүк, четке кагуучулук жана кайдыгер эместик позицияларынан сөз кылган элек.

Ийкемдүүлүк жана четке кагуучулук бири-бирине көз карандысыз, бири-бирине карама-каршы эки мамиле сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Муну менен бирге бул эки мамиленин ортосунда жакын байланыш бар. Батышта жашаган мигранттар, мусулмандардын арасындагы эки мамиле бири-бири үчүн мыйзамдуулук өндүрө алат. Өз баалуулуктарынан толугу менен ажыраган, арасында жашаган коомчулуктун ичинде жуурулушкан ийкемдүү катмарлар четке кагуучу катмарлардын мыйзам булагы болушу мүмкүн. Анын тескериси да туура болот. Четке кагуучулук арасында жашаган коомчулуктан толук алыстап жана ага каршы турган катмарлар ийкемдүүлүктү күүлөй алат. Бир тараптан ийкемдүүлүк да четке кагуучулук да жаралгандан тартып келбегени үчүн толугу менен ички дүйнөгө кире алган абал эмес. Эки мамиле тең ашкере көз караш болгонунан, кабыл алгандары тарабынан кадимкидей күнүгө мыйзамдаштырылышы керек болгон, кишилердин өздөрүн күнүгө кайрадан көндүргөн мамиле болушу мүмкүн. Толугу менен ички дүйнөгө айландырыла албаган убактарда бул эки мамиленин ортосунда бири-бирине өтүүлөр да көрүнөт. Ийкемдүүлүктөн четке кагуучулукка, четке кагуучулуктан ийкемдүүлүккө өтүүлөр сөз боло алат. Бул абал диний баалуулуктар менен эч кандай байланышы болбогон, бар иштеткен, ичкилик ичкен, көрүнүшүндө толугу менен ассимиляция болгон эл катмарларынан да эмне үчүн ДЕАШка кошулуу болгонун аз да болсо түшүндүрүп турат.

Четке кагуучулуктун дагы ийкемдүүлүктүн дагы бул мамиленин ээлери жана арасында жашаган коомчулуктар үчүн кандайдыр бир оң салымы жана келечеги да жок.

Жеңилүү психологиясы менен эмес, ишенимдүү позиция менен

Ийкемдүүлүктөн жана четке кагуучулуктан тышкары бүгүнкү күндө Батышта муктаждык болгон мамиле Саид Халим Пашанын эмгегинде орун алган кайдыгер эмес же ишенимдүү мамиле болуп саналат. Саид Халим Пашанын 1-Дүйнөлүк согуштун ошончолук аесуздугу, курчоосунун астында Батышка карай көптөгөн сындоолорго карабастан, бүгүнкү күндө да көп сандаган ойчулдар жете албаган, реакциячылдыктан алыс кайдыгер эмес мамиле ошондо айтылышы сөзсүз басым жасалышы керек болгон абал.

Батыш коомчулугунда ийкемдүүлүктүн дагы четке кагуучулуктун дагы булагы негизинен анын ичинде жашалган коомдук шарттар. Муну менен бирге көбүнчө мигранттар ийкемдүүлүктү дагы, четке кагуучулукту дагы ээ болушкан идеологиялардан, маданияттардан жана диндерден баштап кандайдыр бир негизге таяндырышууда.

Маселени мусулмандар жагынан алып караганда ислам сыяктуу Азирети Адемден акыркы адамга чейин бардык адамзаттын маселелерин чечүүнү мерчемдеген бир дин эч нерсенин антиси, карама-каршысы боло албайт. Өзү кудум эле идея, көз караш, мүмкүнчүлүк. Кудум куруучусу эрк, түзүлүш болуп саналат. Бир нерсенин антисине карата жайгашуу, каршы болгон нерсени борборго алуу болот. Ислам ыйман жагынан калган бардык ишенимдерди танып, «Ла» менен башталат. Карым-катышта болсо илим момундун жоголгон буюму. Илим Кытайда болсо дагы таап кел дешкен. Илим деген эмне? Билим, маалымат, ыкма, техника, ишке ашыруу.

Бул темада азирети Пайгамбардын Меккедеги караңгы коомчулук менен карым-катнаштары биз үчүн жол көрсөтүшү керек. Анткени ошол убактагы абалы менен Меккенин караңгы коомчулугу адамзаттын эң пас абалына түшкөн эле. Азирети Пайгамбардын бул коомчулук менен түзгөн мамилеси, бир аз жакшы абалдагы берки коомчулуктардын барыдыгы менен мамилеси жана идеологиялар карым-катнаштар үчүн жол көрсөтүүчү болот. Азирети Пайгамбардын Меккенин караңгы калкы менен үч түрдүү карым-катнаш түзгөнү айтылат. Айрым кылгандары, мамилелери Меккенин караңгы коомчулугу менен бирдей болот. Кийим, жабдык, сакал сыяктуу Азирети Пайгамбардын кылгандары менен Меккенин караңгы коомчулугунун жүрүм-турумдарынын ортосунда айырмачылык жок. Бул темада Пайгамбарыбыз өзгөрүүгө кеткен эмес. Азирети Пайгамбар айрым кылгандары менен Меккенин караңгы коомчулугунун жүрүм-турумдарын оңдогон, өзгөрткөн. Мисал үчүн сакалын кыскарткан. Айрым жүрүм-турумдары да бар, Мекке калкынын кылгандарын толугу менен четке каккан.

Азирети Пайгамбардын аналитикалык мамиле катары да атай ала турган бул үчтүк мамилеси, чыгышка, батышка, түштүккө, түндүккө, заманбапташууга, постмодернизмге, ааламдашууга жана турмуштун бардык тармагын кароого бүгүнкү күндө абдан түшүнүктүү жана ачыктоочу болуп саналат. Ийкемдүү мамилелер бизди биз болуудан чыгарат. Тобу менен четке кагуучу мамилелер жаштыгыбызды ДЕАШ сыяктуу радикал агымдарга багыттайт. Бул жагынан алганда акыркы Осмондуктун жарандык кодекси болгон «Межелледе» «буюмда эң негизгиси уруксат алуу» сүйлөмү абдан маанилүү. «Межелле» табиятта/ жашоодо негизгиси эркиндик болгонун туюнтууда. Бул көз караш бүгүнкү күндө белгилүү катмарлардын ички дүйнөсүнө кирген жеңилүү психологиясын ашып өтүү үчүн абдан маанилүү көз караш болуп эсептелет.

Танзимат (реформа) менен кирилген процесстерде көрсөтүлгөн каршы чыгуулар көбүнчө каршы чыгуучулук менен ийкемдүүлүктүн ортосунда чайпалууда. Ушул жагынан алганда Танзиматка байланыштуу баа берүү жана мамилелер бир гана ал мезгилге таандык эмес.   Танзимат менен башталган процесстин жыйынтыктарын бүгүнкү күндө да көрүүдөбүз. Учурубузда болуп жаткан процесстерге кароо дагы көбүнчө Танзиматка болгон реакциялар сыяктуу реакциялар болуп жатат. Чындыгында турмушту көп багыттуу түрдө өнүктүргөн жана өзгөрткөн процесстерге карата тынымсыз көрүүчү катары калууга болбойт. Бул процесстер жеке кишилерге, топторго, мекемелерге жана өлкөлөргө таасир эткен жана мажбурлаган процесстер болуп саналат. Бул көз караш менен караганыбызда керек болсо өтмүштө Батыш заманбаптыгына, керек болсо учурубузда Европа Биримдиги жана глобалдашуу процесстери тууралуу көп түшүнүктүү мамиле өнүктүрүлгөнү айтыла албайт. Бул жерде атайылап альтернатива өнүктүрүүдөн кеп кылынган. Айрым абалдарда шексиз альтернатива өнүктүрүлөт. Бирок бардык абалда альтернатива өнүктүрүү өзүбүздү четке кагуунун жана өнүгүүлөрдүн тышында калуунун белгиси болот.

Ушул алкакта эмнеге туш болсок ийкемдүүлүк же болбосо тобу менен четке кагуучулук агымдардан тышкары аналитикалык мамилени тандашыбыз керек.

Бир тараптан турмуштук темаларды абдан татаал сыяктуу карап, ажырабаш керек. Ислам кыйынчылык эмес жеңилдик, адаттан тышкары/ радикалдык эмес нормалдуу/ортолук дини...

Жыйынтыктасак батыш менен катар туш болгон фактыларга, терминдерге, маселелерге эч качан жеңилүү психологиясына багынып бербестен, ээ болгон баалуулуктардын жалпы эрежелеринин алкагында, ишенимдүү көз караш менен мамиле кылышыбыз керек. Биздин чындыгында Хорасандан башталып Анадолуга, бул жерден Батышка карай аккан жүрүшүбүздүн баянынын өзү да ушул. Ээ болгон баалуулуктардын жалпы эрежелеринин алкагында туш болгон бардык маданияттарга, тартынуу менен карабастан байыптырбыз. Жүрүшү менен барган сайын чоңойгон кар тогологу сыяктуу туш болгон бардык айырмачылыктар, коркууларыбыздын эмес байлыгыбыздын булагы болду. Чечүүчү жол табуу божомолдонгону сыяктуу татаал эмес. Азирети Мевлананын бир аягыңды жерге бекем басып, экинчи аягың менен дүйнө жүзүн кыдыр сыяктуу айтканындай, циркул метафорунда болгону сыяктуу, бир тараптан өз баалуулуктарыбызга таянган, кимдигибизди, кишилигибизди түзгөн аягыбызды бекем басып, экинчи тараптан аң-сезим дүйнөбүздү байытып, турмушубузду жеңилдете турган бардык айырмачылыктарга ачык болуу болуп эсептелет...

Анда өзү жалгыз туура позицияга туруу бардык маселелерди чечеби? Бизди жетишибиз керек болгон жээкке жеткиреби? Аны эмдиги программада улантабыз...

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар