Түркияда жумуштуулук рекорду жаңыланды

Түркия Статистика мекемесинин көрсөткүчтөрү жарыяланды.

2102312
Түркияда жумуштуулук рекорду жаңыланды

Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгында жумуш менен камсыз болгондордун саны 32 миллион 56 миңди түзүп рекорддук деңгээлге жетти.

Түркия Статистика мекемесинин (TÜİK) маалыматына караганда, Түркиянын жалпысында 15 жана андан жогорку жаштагы жумушсуздардын саны өткөн айга салыштырмалуу 12 миң кишиге азайып, 2023-жылдын декабрь айында 3 миллион 98 миң киши болду. Жумушсуздук көрсөткүчү да аталган мезгилде 0,1 пунктка төмөндөп 8,8 пайызды түздү.

Жумуш менен камсыз болгондордун саны жана көрсөткүчү болсо Республиканын 100 жылдыгында рекорддук маалыматтарга жетишилди.

2023-жылдын декабрь айында жумуш менен камсыз болгондор 32 миллион 56 миң кишиге жетип, Республика тарыхындагы рекордду жаңыртты.

Иш менен камсыз болгондордун саны 2022-жылдын декабрь айында 31 миллион 340 миң, 2021-жылы декабрда 30 миллион 31 миң болду.



Тектеш кабарлар