Түркия өткөн жылы экспорт боюнча рекорд койду

Соода министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

2095167
Түркия өткөн жылы экспорт боюнча рекорд койду

Түркия өткөн жылы 70 өлкөгө экспорт боюнча рекорд койду.

Соода министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Республиканын 100 жылдыгында экспорттун 255,8 миллиард доллар менен рекорд жаңырганы эске салынды.

Билдирүүдө 2002-жылы дүйнөлүк экспорттун үлүшү 0,55 пайыз болсо, бул үлүштүн 2022-жылы 1,02 пайызга, 2023-жылдын сентябрь айынын аягында 1,06 пайызга жеткени белгиленди.

Былтыр 240тан ашуун өлкө жана бажы аймагына 12 миң 886 продукциянын жеткирилгени, бул өлкөлөрдүн 70ине тарыхтын эң жогорку экспорту жасалганы маалымдалган билдирүүдө: «Эң маанилүү соода өнөктөшүбүз Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн дүйнөлүк импорту 2023-жылдын январь-ноябрь айларында 16,1 пайызга азайса, өлкөбүздүн ЕБге экспорту 2023-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 1,2 пайызга өсүп 104,3 миллиард долларга жетти»,-деп айтылды.

Билдирүүдө акыркы мезгилде соода жана экономикалык карым-катнаштар арткан Жакынкы жана Борбордук Чыгыш аймагына экспорттун өткөн жылы 2,2 пайызга өсүп 46,2 миллиард долларга, Түрк республикаларына экспорттун өткөн жылы 26,9 пайыздык өсүү менен 10,2 миллиард долларга жетип, тарыхый рекордду жаңыртканы белгиленди.

Билдирүүдө Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөргө экспорттун өткөн жылы 3,68 пайыздык өсүү менен 67,3 миллиард долларга жеткени жана жаңы рекорддун коюлганы кабарланды.



Тектеш кабарлар